Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Суваналиев: "Кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жана күчү жетиштүү"

Өмүрбек Суваналиев: "Кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жана күчү жетиштүү"

29-апрель, 19:19
2 191 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Кара тилкесинде жайгашкан "Төрткүл” чек ара тозотунун имараты күйүп жатат, ал жерде эки өлкөнүн аскерлеринин атышуусу уланууда. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.


Суваналиев кыргыз тараптын мүмкүнчүлүгү жана күчү жетиштүү экенин билдирди.


28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.


29-апрелде да жаңжал уланып, соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан жалпысынан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажик тараптан бүгүн жабыркагандар барбы же жокпу, расмий айтыла элек.


azattyk.org
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер