Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Башчы кошоматчыларын укпай, сөз эркиндигине кам көрүшү керек”

-- Жолдош агай, сөз эркиндигине басым жасоого, цензураны күчөтүүгө кандай карайсыз? Бийликте корко турган жагдайлар көбөйдүбү?
-- Сөз эркиндиги жок абал канчалык кооптуу болорунан бир мисал. 1939-жылы Молотов менен Риббентроп пактыга кол койгондон кийин Гитлерди фашист дегенге СССРде тыюу салынган. 1941-жылы Германия согуш жарыялабай бастырып киргенге чейин тигилердин чек арага жакын катуу даярданып жатканын кабарлаган чалгынчылар, аскер адамдары жазаланып турган.
Сөз эркиндиги жок болсо, эл менен бийликтин ортосунда ишеним начарлап, шектенүү, аңдымай адат жайылып, ар кандай имиш кептерге оңой ишенген маанай калыптанат. Бул жагдайды кошоматчылар ого бетер оорлотот. Ошондуктан сөз эркиндигине биринчи кезекте мамлекет башындагы адамдар кам көрүшү керек.
-- Америка каржылоону токтотсо, “Азаттык” радиосунун тагдыры кандай болот?
-- Менимче, буга чейинкиге салыштырмалуу форматы өзгөрөт. Таасири азайып, же артышы да мүмкүн. Кандай айтпайлы, бул радионун тарыхый орду бар. Анын эң мыкты салттарын башка медиалар да колдоп, уланта бериши керек деп ойлойм.
-- Бийликтегилер "Азаттыктын" журналисттери ишсиз калбасын билдириптир го. Ага "Азаттыктын" журналисттери макул болобу?
-- Ар ким өзү чечет го. Менимче, иштин көзүн билген адистер башка медиаларга же атүгүл башка тармактарга өтсө деле элге, коомго пайдасы тийбей калбайт.
“Мамлекеттик медиаларга келсин” деп чакырганы да жакшы. Учурдагы жагдайдан пайдаланып, өкмөт каржылаган теле, радио, агенттик, гезиттердин ишин жаңыча иштегенге багыттай баштаса, абдан жакшы болмок. Мисалы, өкмөттүк медиада иштеген журналисттер да ар кандай маалыматты жок дегенде эки башка булактан текшерип, бири-бирине көз каранды эмес жактардын үнүн элге жана "өйдө жакка" угузуу, сөзүн жеткирүү милдетин аркаласа, ошол эле бийлик башындагыларга жардам эле...
"Азия Ньюс" гезити