Артур Медетбеков, генерал: “Элдин турмушу оңолбосо, бийликти басып алууну көздөгөн саясатчылар чыга беришет”

-- Артур агай, түрдүү жагдайлардан улам Кыргызстандан чыгып кетишкен саясатчылардын, мурдагы чиновниктердин, бизнесмендердин катарлары калыңдаганы айтылууда. Алар бийликтен өч алуу аракеттерин көрүшпөйбү?
-- Эгерде биз тарыхка кичине көз салсак, ызаланып, мүлкүнөн кол жууп калгандар түрдүү жолдор менен өч алуу аракетин жасайт (!) деген тыянакка келсек болот. Бирок, өлкөдөн чыгып кеткендердин баары эле андай кадамга бара бербейт да. Алыс кетпей Россиянын тарыхын эске алсак, мамлекетинен чыгып кеткен саясатчылар, интеллигенциянын өкүлдөрү жана орто-жогорку деңгээлдеги чиновниктер, бизнесмендер чет мамлекетте тынч жатпай, куугунтукталып, кордолуп, мүлктөрүн алдырганы үчүн өз өлкөсүндөгү болуп жаткан кемчиликтерди айтып, элди куралдуу көңтөрүшкө үндөп, көпчүлүктүн пикирин өзгөртүүгө аракет кылып, бийликтен өч алууга жандалбас кылганын билебиз.
-- А биздечи?..
-- Ушул эле мисалды өз мамлекетибиздин айланасында карасак, эгемендүүлүк алган жылдары башка мамлекетке жашоого аргасыз болгон саясатчы, чиновник, бизнесмендери Кыргызстандагы үч жолку төңкөрүшкө салым кошконун эстейбиз. Алар кандай жол менен болсо да өч алуу максатында өлкөдөгү кемчиликтерди санап, экономикалык кризисти баса белгилеп, стабилдүүлүк сакталбай жатса, бийликтин кемчилиги катары сыпаттап, маалымат талаасында жаштарды ишендирүүгө аракет кылышат. Социалдык тармак жана сайттар аркылуу өз ойлорун жайылтышат. Кыскасы, социалдык жарылууга чейин алып барганга болгон аракеттерин жасашат. Негизи биздин өлкөдөн чыгып кеткен чиновниктер, бизнесмендер, саясатчылардын баары ушундай кадамдарга баргандан алыс турушу керек. Ошондой эле бийликтегилер дагы сыртка түрдүү жагдайлардан улам чыгып кеткендердин “мамлекетке терс таасири тийбейт” деп ойлобошу керек. Айтайын дегеним, кээ бир оппозицияда жүргөн саясатчылар же чиновниктер Батыш өлкөлөрүнөн башпаанек алып, алардын атайын кызматтарынын жардамын көрүп жатышы мүмкүн. Ошон үчүн “Батыштын каражаттары, идеялары менен алардын биздин өлкөгө терс таасирин тийгизбейт” дегенден алыс бололу. Себеби, Кыргызстан ШОС, КМШ мамлекеттеринин активдүү мүчөсү. Акыркы убактагы үч уюмга кирген мамлекеттерди бөлүп-жарып, Орто Азияга кирген мамлекеттердин арасында социалдык же болбосо граждандык жарылууга алып келүүгө аракет жасай башташты. Ага дүйнөлүк процесстеги болуп жаткан окуялар Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон мамлекетке жасалып жаткан каршылыктар мисал боло алат.
-- Ошондо Батышта калып, алар менен кызматташкан саясатчылардын таасири байкала баштадыбы?
-- Өлкөдөн чыгып кеткен саясатчылар, өзгөчө оппозициячыл маанайдагылар, кордук көрүп калгандар Батыш мамлекеттериндеги терс көз караштагы институттар менен кызматташып, Кыргызстандын геосаясатына таасирин тийгизбесине кепилдик бериш өтө кыйын. Акыркы убактагы болуп жаткан көрүнүштөрдөн улам, Кыргызстан билинбеген басымга кабылып жатканын айтсак болот.
Кыргызстандан чыгып кеткен саясатчылар, чиновниктер, бизнесмендер адам болгондон кийин өзүнө болгон мамилени кечире албай, башкалар аркылуу да өч алуу максаттарын алдын ала коюшу мүмкүн. Тагыраагы, саясатта билинбей жүрүп жарыла турган “жардыргыч заттарды” даярдашат. Канткен күндө дагы биздин мамлекетке саясый туруктуулук, стабилдүүлүк керек. Ал үчүн элдин турмушу оңолушу зарыл. Болбосо, бийликке умтулган, “бийликке келем же басып алам” деген жарандар же саясатчылар чыга беришет.
"Азия Ньюс" гезити