Ормон хан менен Кенесарынын бири-бирине жазган каты


"Кара кыргыз калкынын бастыгы хурметли Ормон Ниязбек углына казак үч жүзүнүн касиетти ханы Улуг Аблай хан туысын көтөргөн Кенесары кара кыргыз калкынын басына бакыт кондуруны каалаймын. Каптап келаткан апааттан сактап калуу максатында акылман элчи Сайдак кожону аттандырдым. Омбудан каптап орус келатады. Эдилди, Жайыкты кечип, Оралдан өттү. Сарыр-Аркадагы сан казакты алып, Эр-тиштен чыга Илеге жакындап калды. Андан ары Ала-Тауга Чүй боюна аткояды. Арыны эң катты, аскери көп. Казак, кыргыз эзелтен эл четинде, жау бетинде бирге эдик. Жыргал-курамыбыз тең, мал-жанымыз аралаш эли. Биригип жауга карсы күрешейик. Казак, кыргыз бириксе Ташкен, Кокон, Самаркан бизден алыс кете алмайды. Мен жауласу ушин эмес элдесү ушин келатамын. Кан төгүсмейли. Арада өйдө-төмөн жагымсыз иштер болып өтти. Оган салават жарыялаймын. Сендердин акылдан адашуңарды кеширемин. Калчаны эки жүз жигитин мен бошоттум. Бул катты алган соң жүрегиңердеги коркунучту тастап, мага келип ханга бас ийип улы бактыга жетиңер. Эгер мени суныстарым көниңерге жакпаса, анда өз убалыңар өзүңерде.
Сендерге ырайым этүчи Хан Кенесары Касым оглы".
«Мөрүмдү бастым. 1244-сана, мамыр айы».
Ормондун жообу:
“Касиеттүү казак үч жүзүнүн кадырлуу ханы урматтуу Кенесары Касым уулуна атпай кыргыз калкынын ханы бизги Ормон Ниязбек уулунан дубай салам. Алаш хандын жолун жолдоп, ордолуу журт болгон үч жүз казак калкына тынчтык, бейкутчулук, байгерчилик тилерибизди билдирүү бактысына мүмкүнчүлүк берген урматтуу хан Кенесары Касым уулуна ыраазычылык билдиребиз! Илгертеден эле иргелери бөлүнбөй, айылы аралаш, коюу короолош, тойду бирге тойлоп, кайгуулда бирге болуп, жоого бирге аттанып жүргөн казак, кыргыз эки элди туугандаштырып, бириктирели деген сиздин кеменгер оюңузду колдойбуз. Бул эки элдин биримдигинин башаты улуусун урматтап, карысын кадырлап, кичүүсүнө ызааттаганында эмеспи. Байыртадан эле калк эл бийлиги улуусунун колунда болуп, кичүүлөрү эл башкарып, кол башкарып, тышкы, ички жоонун мизин кайтарып келген эмеспи. Биригип бир бийлик тутунсак, ата-бабанын салтын сыйлап, хан бийлиги жашыбыз улуу бизде болсун, калк бийлиги, колбашчылык сизде болсун. Ымалабызды бириктирип алсак, Иншалла, Орусия, Кокон менен болуучу мамилерди да бирге акылдашып, чечип аларбыз.
Каргыз, казак эки элге Алла Таала ынтымак, ырашкерлик берсин. Береке, бейкуттукту тилейбиз!
Кара кыргыз ханы Ормон Ныязбек уулу"
«Мөөрүмдү бастым. 1244-сана. Бугу айынын, онунчу күнү».
Менин оюм: эки көчмөн эл “мен башкарам, сен башкарасың” деп отуруп, убакытты колдон чыгарышкан экен да...
Нургазы Мусаев
"Азия Ньюс" гезити











