Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Сырттагы саясатчы, бизнесмендер бийликке каршылык көрсөтө алышат”


-- Токтогул агай, акыркы мезгилде Кыргызстандан качкан аттуу-баштуулар көбөйдү. Алар биригип алышып, бийликти аңтарып түшүшпөйбү?
-- Төңкөрүш жасаган тарыхыбызда байлардын салымы чоң эле. Францияда эмиграцияда төңкөрүш ишин алдыга жылдырган лидер мисал боло алат. Эгерде сырттагы акчалуу бизнесмен, саясатчылардын жалпы каражатын көңүлгө алсак, анда бийликке каршы күрөшкөнгө кандайдыр бир күч боло алат (!) деген жыйынтыкка келебиз. Бирок, анүчүн эл ээрчиген лидер, бирдиктүү оппозиция болушу керек.
-- Акылбек Жапаров салыктагы мыйзам бузуулар үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Анын иши башына муш болдубу?
-- Акылбек Жапаров жөнүндө депутат Исхак Масалиев жетишерлик талап койбоду беле? Ошондой эле пикирди генерал Камчыбек Ташиев да билдирди. Ал кызматтан түшөрүнө жакын салык кызматкерлери камалган. Анын жөн эле кызматтан кетпегенин президент да баса белгиледи. Акылбек Жапаров “бюджетти кыйраттым” дегени менен элдин жашоосуна көмөк көрсөтө алган жок. Өзгөчө күч структурасындагы пенсионерлерге колдоо кыла албады. Бул жагдай бирөөлөргө курал болсо, башкаларга коркунуч жаратат.
"Азия Ньюс" гезити











