Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыганы АБДУБАЛИЕВ: “ОшМУ дүйнөнүн 33 мамлекетинин 250дөн ашык окуу жайлары менен кызматташууда”

Абдыганы АБДУБАЛИЕВ: “ОшМУ дүйнөнүн 33 мамлекетинин 250дөн ашык окуу жайлары менен кызматташууда”

20-декабрь, 16:32
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, физика илимдеринин кандидаты, доцент Абдыганы Абдубалиев менен маек.


-- ОшМУ өлкөбүздөгү эң абройлуу окуу жайлардын бирине айланды. “Ош шаарынын мэри болгончо, ОшМУнун ректору бол” деген сөздөр бекеринен чыкпаса керек?

-- Ооба, Ош мамлекеттик университети акыркы мезгилде Кыргызстандагы престиждүү окуу жай болуп калды. Окуу жайдын айрым жетишкендиктерине токтолоюн. Университетте моралдык-психологиялык климат жакшырып, ынтымак-ырашкерлик орноду. Инфратүзүм жакшырды. Ондон ашуун жаңы окуу корпустары курулду, үч корпус учурда курулууда. Студенттердин саны көбөйүп, университеттин бюджети жыл санап өсүүдө. Окутуучулардын жана кызматкерлердин айлык акылары регулярдуу жогорулоодо. Эл аралык байланыштардын географиясы кеңейип, университет дүйнөнүн 33 мамлекетинин 250дөн ашык окуу жайлары менен кызматташып жатат. Долбоорлор менен иштөө, академиялык мобилдүүлүк жүргүзүү приоритеттүү багыттарынын бири болуп калды. Жыл сайын 500дөн ашык студент, 200дөй окутуучу башка окуу жайларда билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келет. 

Билим экспорту өркүндөп, чет өлкөлүк студенттердин саны жыл сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө 24 өлкөдөн келген 7912 студент ОшМУда билим алууда. Эң көп студенттер Өзбекстандан келип окушууда. Андан кийинки орундарда Индия, Тажикстан, Россия Федерациясы, Пакистан, Казакстан, Кытай ж.б. турат. Буга чейин чет өлкөлүк студенттер негизинен медицина, экономика, юридика багыттарында окууга келишсе, акыркы мезгилдерде педагогикалык адистиктерге келген студенттердин саны арбыды. Албетте, билим экспорту университеттин бюджетин кеңейтүүгө салым кошуу менен бирге мамлекетибизге, анын ичинде шаарыбызга тартылган инвестиция болуп саналат. 

Акыркы эки жылда НААР көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин баалоосу боюнча Ош мамлекеттик университети жогорку билим берүүнүн көпчүлүк багыттары боюнча биринчи, экинчи орундарды ээлеп, Кыргызстандын окуу жайларынын генералдык рейтингинде биринчи орунду камсыздады.

Ал эми Ош шаарынын мэри менен ОшМУнун ректору кызмат орундарын салыштыруу туура эмес деп ойлойм. Мэрлик кызмат көп тармактуу, көп багыттуу, масштабдуу. Ал эми жогорку окуу жайдын жетекчиси бир тараптуу, бир типтүү иш алып барат, башкача айтканда, ал билим берүү системасынын менеджменти менен гана алектенет. ОшМУ – Ош шаарында жайгашкан окуу жайлардын бири. Демек, Ош шаарынын бир бөлүгү десек болот. Ал шаарда өтүүчү ар түрдүү коомдук жана маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышат.

-- Бүгүнкү күндө чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны жыл сайын арбып жатат. Чет өлкөлүктөр үчүн келишимдик акчасы арзанбы, ошончолук окуу сапатыңыздар жакшыбы, же жазылбаган жеңилдиктер барбы? 

-- Биз жогоруда белгилегендей, чет өлкөдөн келип окуп жаткан студенттердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Буга төмөнкү факторлор негиз болсо керек: Ош шаарынын жагымдуу климаты, жашоонун кымбат эместиги (жатакана, батир, тамак-аш, транспорт, коммуналдык кызматтар, азык-түлүк ж.б. жетиштүүлүгү). Экинчиден, университетте түзүлгөн шарттар. Чет өлкөлүк студенттер үчүн атайын клиника иштейт. Мында врачтар аларды акысыз тейлешет. Конок студенттердин укуктук маселелерин чечүүгө жардам берүү үчүн атайын юрист штаты бар. Алар өз каалоосуна ылайык университеттин жатаканасында жашай алышат. Акыркы жылдары алар үчүн атайын окуу корпустар, жатаканалар ишке берилди.

Албетте, келишимдик төлөмдөр да бир топ өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Кыргыз мамлекети ачык саясат жүргүзүшүнөн улам, чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстанга кирип-чыгышынын жеңил.

-- Жакында коомчулукка анча деле аты чыкпаган жаңы ректор шайладыңыздар. Окуу жайдын тагдыры кандай болушу мүмкүн? Окуу жайдын тажырыйбалуу жетекчилеринин бири катары кандай ойдосуз?

-- Мурдагы ректорубуз Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу тийешелүү жобого ылайык, Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында болуп өттү. Анда 96% добуш менен ректорлук кызматка физика-математика илиминин кандидаты, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич шайланды. Туура, Кожобеков коомчулукка өтө белгилүү, өзүн элге таанытуу максатында популизм менен алектенген жетекчи эмес. Бирок, ал ОшМУда катардагы окутуучудан тартып окуу иштери боюнча проректор кызматтарын аркалаган. Эки жылдан ашык мезгил билим берүү жана илим министринин жогорку жана атайын орто билим берүүнү тейлеген орун басары болуп иштеген. Ошондуктан, Кудайберди Гапаралиевичтин коомчулукка анча аты чыкпагандыгы менен ал жалпы эле билим берүү системасын мыкты түшүнгөн, ошол эле учурда ОшМУну ичинен терең билген, дассыкан адис. Ал айрыкча окуу-маалыматтык департаментинин директору жана окуу иштер боюнча проректор болуп иштеп турган мезгилде ОшМУнун бүгүнкүдөй абройго ээ болушуна чоң салым кошкон. Анын жеке аракети менен университетте AVN маалыматтык системасы толук ишке киргизилген. Окуу процессин жүргүзүү үчүн өтө зарыл болгон укуктук-нормативдик бир топ документтер иштелип чыккан. Окуу жайды автоматташтырууда жана эл аралык аккредитациядан өткөрүүдө анын эмгеги чоң. Ошондой эле ал билим берүү чөйрөсүндө белгилүү инсан. Андыктан жамаат Кудайберди Кожобековго ишеним көрсөтүп, ректор кылып шайлады. Анын жетекчилиги астында университеттин учурдагы ырааттуу өнүгүү темпи мындан ары дагы улана берет деп ойлойм. Менин көз карашымда, коомчулукка чуулгандуу иштер менен таанылгандан көрө, билинбей жүрүп иштин майын чыгарган жакшыраак болсо керек. Албетте, белгилүү бир тармак боюнча эч кандай тажрыйбасы жок адамдар ошол тармактагы жетекчилик кызматтарга дайындалып калган учурлар дагы кездешет.        

-- Окуу жайдын бюджети Ош шаарынын бюджети менен барабар. Биздеги текшерүүчүлөр тажатпадыбы?

-- Негизинен университетте эсептөө палатасы, монополияны жөнгө салуу агенттиги, прокуратура органдары тарабынан пландык текшерүүлөр жүрөт. Мен жетектеген эл аралык байланыштар департаментинин ишкердигине бул текшерүүлөр кедергесин тийгизген жок. Албетте, мекемелерде текшерүүнүн азыраак болгону жакшы.


Эрнис НУРДИНОВ, Ош шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер