Айгүл Айдарова, эркин депутат: “Ар бир адам өз укугун коргогонго акысы бар”


-- Айгүл айым, бүгүн Жогорку Кеңеш кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик адамдарын сүрөткө, видеого тартууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун артка кайтарды. Кандай дейсиз, бул туура чечим болдубу?
-- “Журналисттер менен блогерлер тартса болот” деп атпайбы демилгечилер. Мейли, сиздердин күбөлүгүңүздөр бар. Ал эми карапайым кишилер өз укугун кантип коргоп, өзүнүн чындыгын кандай далилдеши керек? Ар бир адамдын өз укугун коргогонго акысы бар да. Башмыйзамдын 33-беренесинин 2-пунктунда так жазылып турат. Конституция мыйзамдан өйдө турат да. Андыктан, азыр биз Конституцияга карама-каршы келген мыйзамды карап жатабыз. Талаш жараткан жалгыз эле бир берене эмес. Ал жерде он чакты талаштуу пункт бар экен. Жол кырсыгы болуп, же тергөөчүлөр иштеп аткан жерди эч ким деле барып тартпайт. Себеби, эч ким жолтоо болбосун деп ал жерди тосуп коёт.
-- Мурдагы милиция кызматкери катары сиз бул мыйзамды, тескерисинче, колдошуңуз керек эле го?
-- Ооба. Бирок, биз жалпы элди ойлошубуз керек да. Андыктан, бул мыйзам өтпөөгө тийиш. Өтсө да өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарыл. Мыйзамда милициянын укугун коргоо боюнча атайын берене бар, ошол эле жетет.
"Азия Ньюс" гезити











