Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ТИМ кызматкеринин өлүмү боюнча саламаттык сактоо министрлиги үн катты

ТИМ кызматкеринин өлүмү боюнча саламаттык сактоо министрлиги үн катты

02-апрель, 13:59
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнөн кийин социалдык тармактарда тараган маалыматтардан улам саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий билдирүү таратты.

Ага ылайык, маркумдун сөөгүн карап чыгуу учурунда ийин жагынан эмдөө учурунда сайылчу ийненин изи табылган эмес.

"Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин табышкан жок. Акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик маркумдун аты эмделгендердин тизмесинен табылбаганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер