Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөт менен парламенттин кайым айтышуусуна көңүл бөлүүнүн кажети жок”

“Өкмөт менен парламенттин кайым айтышуусуна көңүл бөлүүнүн кажети жок”

30-октябрь, 17:07
772 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку убактагы өкмөт менен парламенттин ортосундагы кайым айтышууларды эске алсак, бул көрүнүш бийликтен ынтымак кете баштаганын билдиреби? 

Эмир Сарпашов, ишкер:

-- Андай деп ойлобойм, себеби, тирешүүдөн, талаш-тартыштан тактык, чындык жаралат. Аткаруучу бийлик менен мыйзам чыгаруу бийликтин ортосунда “эрөөлдөр” боло келген, мындан кийин дагы улана бермекчи. Кимиси чындыкка жакын – ошол маанилүү. Эгерде бирөөсү чындыктан өтө эле алыстап кетсе, анда иш чатак.

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

-- Азыр бизде бир эле бийлик бар – бул президент. Башка формалдуу бийлик бутактары эчтеке чечпейт, элдин көзүнчө "кожо көрсүн" кылып талашып-тартышымыш боло беришет. Кожоюн "пыш" десе момпоюп отуруп калышат. Ошондуктан көңүл бурбай эле коюш керек алардын арзыбаган кайым айтышуусуна...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер