Жалган жалаа – бул коркоктордун өч алуусу


Жалган жалаадан да өткөн күчтүү курал бар, ал – чындык.
(Морис де Талейран-Перигор)
Мазактоо – бул жалган жалаанын кыскартылган түрү.
(Артур Шопенгауэр)
Жалган жалаа – бул коркоктордун өч алуусу.
(Самюэл Джонсон)
Таза абийир жалган жалаага күлүп гана коёт.
(Публий Овидий Назон)
Жалган жалаанын айынан канчалаган достук байланыштар үзүлгөн, эчен үйлөр кыйраган.
(Лукиан)
Эгер келесоолук көмөктөшүп, жол ачып бербегенде, ушак менен жалаа мынчалык күчкө ээ болмок эмес.
(Александр Дюма (атасы)
Кызыктуу иштин кызыктуулугу ушунда: иштеп жатып мактоону да, “боктоону” да байкабай каласың.
(Евгений Антонюк)
Мактаганды билген адам жалаа жапканды да билет.
(Напоеон Бонапарт)
Бирөөгө жалаа жапкан кишини үйүңөн кууп чык.
(Фалес Милетский)
Жалган жалаа көмүр сыяктуу: күйгүзбөсө да кийимиңди булгайт.
(Орус накылы)
Жалган жалаа – ичи тардын куралы.
(Софья Сегюр)
Жалган жалаа – абдан ыңгайлуу нерсе: кол салган киши бир гана сөз менен кол салат, ал эми андан коргонуш үчүн барак-барак сөз керек болот.
(Жан Жак Руссо)
Ушак-айың эч ким карабай калган катындарга гана жагат.
(Ги де Моппасан)
Эң таза, эң жыттуу гүлгө деле чаң жугат.
(Украин накылы)
Жалган жалаа чындыкка окшош болот. Нукура чындык гана чындыкка окшошпойт.
(Анна Ахматова)
Ушакчыны жек көрүп, тыйбаган киши аны колдогон болот.
(Гай Светоний Транквилл)
Чыр-чатагы жок үй болбойт, чөөсү жок токой болбойт.
(Азербайжан накылы)
Атүгүл ипичке чачтан да көлөкө түшөт.
(Волфганг Гёте)
Уятсыз аялдар тартынбай, аяттуу аялдар тартынып ушак айтышат.
(Лешек Кумор)
Муздай муздак, кардай таза болсоң да жалган жалаадан кутула албайсың.
(Уильям Шекспир)
Ушактасаң ушакта, бирок калп айтпа да!
(Теткоракс)
Ушундай бир ушактар болот, аларды уккандан да уяласың.
(Жак Деваль)
Жапайы айбандардын арасынан эң жырткычы – бул ушакчы, үй жаныбарларынын ичиндеги эң коркунучтуусу – бул кошоматчы.
(Диоген)
Интеллигенттүү аял ушакты кайталабайт. Өзү ойлоп чыгарат.
(Янина Ипохорская)
Тарых – бул ушак-айыңдардын квинтэссенциясы.
(Томас Карлейль)
Ушак-айың картайганда мифке айланат.
(Станислав Ежи Лец)
Сага бирөөнү жамандап келген киши сени да бирөөлөргө жамандайт.
(Испан накылы)
Адамдар жашыруун сыр дегендин баарына ишенишет. Сенин сөзүңө ишенишин каалайсыңбы, анда кулагына шыбырап айтсаң...
(Малькольм де Шазаль)
Мен тууралуу өзүм жокто да жакшы сөз айткан киши – ошол менин досум.
(Томас Фуллер)
Чыныгы ушак эч качан жүз пайыз тастыкталбашы керек.
(Станислав Ежи Лец)
Эгер уга турган киши болбогондо эч ким ушак айтмак эмес.
(Марлен Дитрих)
Ушак чычкан болуп туулуп, пил болуп өлөт.
(Бауржан Тойшибеков)
Ушакчы – сени менен башкалар тууралуу сүйлөшкөн киши, маңыз – сени менен өзү тууралуу сүйлөшкөн киши, чечен – сени менен сен тууралуу сүйлөшкөн киши.
(Вильям Кинг)
Ушак – бул меймандостук үчүн төлөнгөн акы.
(Дон Аминадо)
Үч аял келсе – төрт ушак.
(Вьетнам накылы)
Тааныштарың сен тууралуу эмне дешерин билгиң келеби? Анда алар башкалар тууралуу эмне деп сүйлөшкөндөрүнө кулак сал.
(Мария Эбнер-Эшенбах)











