Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Лимон таттуу болбосо да пайдасы өтө көп

Лимон таттуу болбосо да пайдасы өтө көп

09-октябрь, 17:18
978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таттуу болбосо дагы лимон адам баласы жей турган жемиштердин эң баалууларынын бири. Бул жемиш адамга күн сайын керек болгон С витаминине бай. Ошондой эле В, Р, А жана Е витаминдерин өзүнө камтып турат. Лимондун турмуш-тиричиликте керек болуучу мындан да пайдалуу сырларын билип алыңыз.

Лимон скрабы

Теринин өлгөн клеткаларын лимондун жардамы менен кетирүүгө болот. Аны менен бирге безетки, сепкилдер менен күрөшүүчү эң натыйжалуу каражат. Ошондой эле лимондон скраб жасап колдонууга болот. Ал үчүн кабыгын кыргычтан өткөрүп, ага 100 г каймакмай, 5-8 тамчы розмарин майын куясыз. Даяр болгон кошулманы териге 15-20 мүнөт коюу керек. Бул ыкманы жумасына 1-2 жолу жасаса натыйжалуу.

Жүрөк айланганда

Кээде ар кандай жагымсыз жыттан улам жүрөк айланат. Бул учурда лимондон тегерек кылып бир кесим кесебиз дагы, аны оозубуздун жанына жакын алып барып турабыз. Ушинтип лимондун жытынан улам жүрөк айлануудан арылса болот.

Сасык тумоодо

Лимон менен эфир майын сасык тумоо убагында ингаляцияга колдонуу натыйжалуу. Ал үчүн 1 стакан кайнак сууга 2-3 тамчы лимондун эфир майын кошуп, 5 мүнөткө жакын аралашмадан дем алып туруу керек.

Колго кам көрүү

Лимондун ширесинин жардамы менен колдогу жагымсыз жыттардан, жууп кетирүүгө кыйын болгон тактардан арылууга болот.

Какачка каршы

Какачтан арылтуучу касиетке лимон да ээ. Ал үчүн лимондун кабыгын кыргычтан өткөрүп, чачтын түптөрүнө жумасына 1-2 жолу сыйпап турабыз. Ошондой эле майлуу чачтуулар башын жуугандан кийин лимон кошулган суу менен чайкап турса, тери кургайт.

Тамак оору жана жөтөлдө

Эгерде 2 чай кашык лимон ширеси менен жарым чай кашык балды аралаштырсаңыз, тамак оору жана жөтөлгө каршы жакшы дары жасап алган болосуз. Бул кошулманы ысык чайга кошуп ичсеңиз болот.

Кебээрден кутулуу

Сиз чайнек же кебээр пайда боло турган спиралдарды колдонсоңуз, аларда пайда болгон кебээрди тазалоо үчүн лимон ширесин куюп коюу керек. Чайнектеги сууга лимон ширесин кошуп кайнатып жиберсе, баары чыгып кетет.

Таза жана жагымдуу

Лимон ширесине суу кошулган кошулманы пайдаланып, тактайды тазалоо менен бирге жагымсыз жыттарды да кетирүүгө болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер