Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эртең менен сергек туруунун сырлары

Эртең менен сергек туруунун сырлары

28-август, 18:30
303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эртең менен ойгонуу кээ бирөөлөр үчүн оңой болсо, айрымдар үчүн чоң түйшүк. Ойгонорун ойгонуп алып, кечке уйкусурап жүргөндөр дагы жок эмес. Ошон үчүн таң аткандан баштап кантип сергек болуш керек? Мына ушул суроого жооп издейбиз. 

-- Уйку эртең мененки сергектикке чоң таасирин тийгизет. Кандай уктасаңыз, ошондой ойгоносуз. Кеч жаткан болсоңуз, албетте, кеч ойгоносуз. Ошон үчүн эрте жатып, эрте ойгонгонду адатка айлантуу зарыл. Анткени, буга адамдын организми дагы көнүшү керек;

-- жатаарда телевизор көрбөгөн туура. Айрыкча жаңылыктарды. Анткени, адамдын мээсине маалыматтар оордук кылып, ойду жакшы нерсеге буруу кыйыныраак болуп калат;

-- “эртең менен мынчада турам” деп ишеничтүү дем менен бир нече жолу кайталоо зарыл. Бул мээге жазылып калат дагы, сизге керек учурда ойгонууга түрткү берет;

-- эртең мененкиге жагымдуу бир нерсени пландап коюңуз. Балким өзүңүзгө жаккан майтокоч сатып алууну, же дагы башка...

-- будильникти өз жайына койгонуңуз оң. Туруу убактысын улам-улам жылдыра берүүнүн кажети жок. “Дагы бир аз уктап алайын” деп жылдырган менен мээңиз коңгуроону күтүп, баары бир уктай албайсыз; 

-- жарык бөлмөдө ойгонууну психологдор кеңеш беришет. Кечинде баардык пардаларды тартып жаткан болсоңуз, мындай шартта ойгонуу кыйыныраак сезилет. Бирок сизди ойгото турган адам болсо, пардалардын баарын ачып салып, бөлмөгө күндүн жарыгы тийгенде сизди ойготушун сурансаңыз болот; 

-- будильниктин музыкасына шайыр, маанайды көтөрө турган, анан дагы эң башкысы, сизге жаккан музыканы коюңуз;

-- ойгоноор менен жакшы нерсени ойлонуңуз. Балким, келечекти кыялдансаңыз болот. Таза аба сиздин уйкуңузду алыска айдап, сергектикке алып келет;

-- муздак-ысык суудан контрасттык душ кабыл алыңыз. Буга чыдабасаңыз, жок дегенде муздак суу менен бетиңизди жууп алыңыз;

-- жагымдуу музыканын коштоосу менен ар кандай көнүгүүлөрдү жасаган туура. Балким, түгөйүңүз менен чогуу жасайттырсыз. Бул эми сиздин фантазияңызга жараша болот;

-- жумуш орунуңузга маанайды көтөрө турган сүрөттөрдү же сувенирлерди коюп алыңыз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер