Айлана канчалык караңгы болсо, “жылдыз” болуш ошончолук оңой
Караңгылыкты от жагып жогото албайсың.
(Станислав Ежи Лец)
Көзү тунук киши жарыгы жок деле көрөт, атүгүл караңгыда, башкалар уктап жатканда да көрө берет.
(Густав Мейринк)
Жарык кайда экенин түшүнсөң, караңгылык кайда экенин да түшүнөсүң.
(Александр Блок)
Караңгылыкты караңгылык жогото албайт, аны жарык гана жоготот.
(Мартин Лютер Кинг)
Эгер электр болбогондо биз телевизорду караңгыда отуруп көрмөкпүз.
(Муаммар Каддафи)
Короз жарыкты көргөндө гана кыйкырат. Эгер аны караңгы жерге камап койсоң, эч качан кыйкырбайт.
(Мухамед Али)
Кээде бирөөнүн жарыгында баскандан көрө өзүңдүн караңгылыгыңда баскан жакшы.
(Энтони де Мелло)
Караңгылыкта өң-түстүн баары бирдей.
(Френсис Бекон)
Сүйүү караңгылыкты жакшы көрөт, себеби, анын көзү сокур.
(Тадеуш Гицгер)
Караңгыда аялдардын баары бирдей.
(Эразм Роттердамский)
Сен экөөбүз караңгылык жок жерде жолугушабыз.
(Джордж Оруэлл)
Чыныгы жарык караңгыны жарык кылат, жалган жарык караңгылыкты пайдаланат.
(Джулиана Вильсон)
Караңгылыкта көпкө отурсаң, караңгылык көп деле билинбей калат.
(Алекс Кортезе)
Жарык көп кишини жарытса, караңгылык баарын караңгы кылат.
(Геннадий Москвин)
Мен расист эмесмин, бирок караңгылыктан корком.
(Роман Гогатун)
Караңгыда өскөн гүлдөр караңгылыкта гана жашай алышат.
(Коё Одзаки)
Караңгылыкты сезбеген киши эч качан жарык издебейт.
(Генри Бокль)
Мен күйбөсөм, сен күйбөсөң, биз күйбөсөк, анда караңгылыкты ким жок кылат?
(Назым Хикмет)
Жарыктан жардам сурасаң, бакытты караңгы кезде деле тапса болот.
(Альбус Дамблдор)
Жылдыздар “эл бизди жылдызкурт катары кабыл алышпас бекен?” деп коркушпайт.
(Рабиндранат Тагор)
Түрү суук болсо да караңгылыктан коркпо.
(Данте Алигьери)
Айлана канчалык караңгы болсо, “жылдыз” болуш ошончолук оңой.
(Станислав Ежи Лец)
Кара иштерди караңгыда жасаш керек.
(Джон РР.Толкиен)
Өзүң такай кара көз айнек тагып жүрүп, анан “дүйнө качан жарык болот?” деп күтпөш керек.
(Томас Элиот)
Мас кишиге жарык көчө деле караңгы болуп көрүнөт.
(Константин Ушинский)
Жарыкта туруп караңгыны караган киши душмандарын көрбөйт, бирок алар үчүн бутага айланат.
(Василий Ключевский)
Адамды өлүмдөн куткаруу – аны жарыкка чыгаргандай эле кеп.
(Виктор Гюго)
Жарык чачкан киши караңгылык үчүн да жоопкер.
(Мила Вальс)
Жарык келгенде караңгылык анын көлөкөсүнө айланат.
(Алекс Тулбу)
Күн эч ким менен күрөшпөйт, ал болгону жарык чачат. Караңгылык өзү эле качып жоголот.
(Анастасия Крещенская)
Балит жерде отурган киши ага жарык чачырашын каалабайт.
(Эмил Золя)
Караңгылыктын ылдамдыгы жарыктыкынан кем калышпайт.
(Роман Надирян)
Эгер караңгылыкта кандайдыр бир ой келсе, ал жарыкта кандай болорун ойлон.
(Марона Арсанис)
Сокурлардын караңгылыкка эмес, жарыкка кыжыры келет.
(Таня Штернфельд)
Караңгылыктын эркине койсоң, жылдыз аттуунун баарын өчүрүп салат.
(Джулиана Вильсон)