Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарың бар болсо итче жашап, адамча өлөсүң. Балдарың жок болсо адамча жашап, иттей болуп өлөсүң

Балдарың бар болсо итче жашап, адамча өлөсүң. Балдарың жок болсо адамча жашап, иттей болуп өлөсүң

06-декабрь, 14:54
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балдардын бала кезинен бышуусуна шарт түзгүлө.

(Жан-Жак Руссо)


Балдар катуу тарбиядан эчтеке деле болбойт, эң башкысы, аларга калп айтпаш керек.

(Лев Толстой)


Балдарды биринчи класстан баштап эле жалгыздык илимине үйрөтүш керек.

(Фаина Раневская)


Балдар адегенде ата-энесин сүйүшөт. Анан сындай башташат. Эч качан аларды кечиришпейт.

(Оскар Уайлд)

 

Аялдар бизди акын, балдар болсо философ кылышат.

(Малькольм  Шазаль)


Балдар сулуулуктун, оюндун, музыканын, сүрөттүн, фантазиянын, чыгармачылыктын дүйнөсүндө жашашы керек.

(В.А.Сухомлинский)


Балдарга насаат эмес, үлгү керек.

(Жозеф Жубер)

 

Турмуш театрындагы жападан-жалгыз чыныгы көрүүчүлөр – булар балдар.

(Владислав  Гжешик)


Эгер тентек балдарды уруп-сабап, тыя берчү болсоңор, эч качан даанышмандар жаралбайт.

(Жан-Жак Руссо)


Эгер кырк жашка чейин сиздин үйүңүз балдардын шаңдуу күлкүсүнө толбосо, андан кийин кайгы менен капага толот.

(Шарл Сент-Бёв)


Тун бала – эң акыркы оюнчук.

(Орус макалы)


Балаң бар болсо итче жашап, адамча өлөсүң. Балаң жок болсо адамча жашап, итче өлөсүң.

(Америка накылы)


Карыганда көргөн балаң – эрте калчу жетим.

(Бенджамин Франклин)


Балдардын болбогону – кылмыш, болгону – жаза.

(Константин Мелихан)


Эгер сенин балдарың болсо, башка эчтекең жок.

(Кэтлин Норрис)


Балдарга дайыма боорукер, мээримдүү бол. Себеби, эртең картайсаң сени карылар үйүнө алпарчу ошолор да.

(Филлис Диллер)


Балдардын кулагы кенен, тилдери узун.

(Томас Фуллер)


Жакшы бала ата-энесин ооруп гана кейитпесе, башка учурларда кейитпейт.

(Конфуций)


Баласы сөгүнсө, Диоген атасын жаакка чапчу экен. 

(Роберт Бертон)


Дүйнөдөгү баардык балдар бир тилде ыйлашат.

(Леонид Леонов)


Балаңа убада берген болсоң, аткар. Антпесең аны калпычылыкка үйрөткөн болосуң.

(Лев Тольстой)


Эгер кимдир бирөө баласын жамандап аткан болсо, демек, ал өзүн-өзү жамандап атат.

(Василий Сухомлинский)


Эрке болуп өскөн бала чоңойгондо мокочо болот.

(Альфред Адлер)


Бала тили чыкканга чейин эле сүйлөй баштайт.

(Освальд Шпенглер)


Эгер баланын суроосуна өз учурунда жооп бербесең, ал сени күтүп отурбайт, өзү жооп таап алат.

(Жан Пиаже)


Атүгүл жарифтар да балдарын мойнуна мингизбейт.

(Константин Кушнер)


Балдарды ыза кылбагыла. Кичинекей кезинде ата-энесин ургусу келген бала кийин чоңойгон соң өлтүргүсү келет.

(Пьер Буаст)


Даярдаган Мамат САБЫРОВ

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер