Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактылуу турмуш жок, бактылуу күндөр гана бар

Бактылуу турмуш жок, бактылуу күндөр гана бар

04-октябрь, 11:10
3 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоонун эки гана формасы бар: чирүү жана күйүү.

(Максим Горький)


Дүйнө жаман адам үчүн гана жаман, дүйнө ичи көңдөй адам үчүн гана көңдөй.

(Людвиг Фейербах)


Жашоо – бейишке кире бериш жердеги карантин.

(Карл Вебер)


Жашоомду керемет кылган нерсе, менин өлүмүмдү да керемет кылат.

(Чжуан Цзы)


Дайыма иште. Дайыма жакшы көр. Аялың менен балдарыңды өзүңө караганда да сүй. Адамдардан ыраазычылык күтпө, рахмат айтпай койсо капа болбо. Жек көргөндүн ордуна насаат айт, ызырынгандын ордуна жылмай. Китепканаңда дайыма жаңы китебиң, жертөлөңдө жаңы бөтөлкөң, багыңда жаңы гүлүң болсун.

(Эпикур)


Адам канчалык жакшы болсо, өлүмдөн ошончолук аз коркот.

(Лев Тоьстой)


Пайдасыз жашоо – мезгилсиз өлгөнгө тете.

(Гете)


Жакшы адам тирүү кезинде да, өлгөндөн кийин да жамандыкка туш болбойт.

(Сократ)


Өзүм жалгыз бактылуу болгондон уялам.

Жүрөк кыйкырган жерде акыл-эс алсыз.

(Албер Камю)


Дүйнө эки класска бөлүнөт: кээ бир кишилер ойго келбес нерселерге ишенишсе, кээ бирөөлөр колдон келбес нерселерди ишке ашырышат.

(Оскар Уайлд)


Сүйүүнүн бир гана мыйзамы бар: сүйгөнүңдү бактылуу кылышың керек.

Аял киши жакшы кийинсе эле өзүн сулуумун катары эсептейт.

(Фредерик Стендаль)


Бактылуу турмуш жок, бактылуу күндөр гана бар.

(Андре Терье)


Ар бир адамдын жашоосу – бул Кудайдын колу менен жазылган жомок.

(Ганс Христиан Андерсон)


Сен кыймылдаар замат айланаңдагы жашоо-турмуш да ордунан жылат.

(Катрин Панколь)



Дем алып жатканымдын өзү мен үчүн керемет, ушунун өзү жашоо.

(Рабиндранат Тагор)


Жашоо кыймылды талап кылат.

(Аристотель)


Мен сүйүү менен жашайын деп чечтим. Жек көрүү өтө эле оор жүк экен.

(Мартин Лютер Кинг)


Эгер сен турмушка дайыма жылмайып караганга жөндөмдүү болсоң, турмуш  да дайыма сага жылмайып карайт.

(Брайан Трейси)


Жакшы адам жакшы белгилерди көрөт.

(Индия накылы)


Майрамды дайыма өзүң менен кошо ала жүрүш керек.

(Эрнест Хемингуэй)


Бүгүнкү бир күн эртеңки эки күнгө тең.

(Бенджамин Франклин)


Аргасыз абал болбойт, жол гана туура эмес тандалган болот.

(Кытай накылы)


Бүгүн 365 барактан турган китептин биринчи барагы. Аны жакшылап жазыңыз.

(Брэд Пейсли)


Сен өзүң ойлогондой жакшы эмессиң, жашоо сен ойлогондой жаман эмес.

(Реббе Вулф)


Жамандыкты табыш үчүн жол көрсөткүчтүн кереги жок.

(Томас Дьюар)


Дүйнө сага карата ташбоор болгон себеби, сен дүйнөгө карата ташбоорсуң.

(Костя Крамар)


“Кыямат качан болот?” деп күтпөңүз. Ал күн сайын болуп жатат.

(Албер Камю)


Бул дүйнөдө мага тийешеси жок, мени кыйгап өткөн көп проблемалар бар, демек, менин турмушум башкалардыкына салыштырмалуу кыйла жеңил.

Дагы бир таң атты, дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болду.

Эгер эч ким сизге каалгасын ачпаса, дагы бир топ эшикти кагып көрүңүз.

(Ник Вуйчич)


Колдору – кыздын визиттик карточкасы; моюну – паспорту; көкүрөгү – чет элге чыкчу паспорту.

Чыныгы бакыт кымбат турбайт: эгер сиз өтө кымбат баага сатып алган болсоңуз, анда ал жасалма бакыт.

(Коко Шанель)


Кээ бир кишилер баатыр болуп көрүнгөн себеби, качкандан коркушат.

Сойлош үчүн жаралган киши баардык жерге сойлоп кирип кетет.

(М.Жванецкий)


Мамат САБЫРОВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер