Адамдын бактылуулугу, тапкан кирешеси анын энергиясына байланыштуу
Адамдар энергетикага бай экен. Ал бирөөндө жогору болсо, кээ биринде төмөн. Адамдын бактылуулугу, тапкан кирешеси жана жагымдуулугу дал ошол энергетикага байланыштуу. Ошондуктан адистер кимдир бирөө ийгиликтүү, бай, бактылуу болуш үчүн алгач энергия эмне экенин түшүнүү керек экендигине токтолот.
Энергия дагы, энергетика дагы кубат (!) дегенди билдирет. Экөө тең көзгө көрүнбөйт, бирок алардын бар экендигин башка нерселер аркылуу сезе алабыз. Мисалы, электр кубатын бар-жогун билүү үчүн бөлмөнүн жарыгын жагып көрөбүз. Адамдын кубаты болсо, анын маанайынан, жашоону сүйүп жашагандыгынан, кыймыл-аракетинен, дабышынан, сөзү менен көзүнөн, айланадагы адамдарга болгон мамилесинен билинет.
Энергияны – сезим десек, эмоция – энергетика. Энергияны – мүнөз десек, энергетика – кулк-мүнөздүн касиеттери деп билүүгө болот.
"Азия Ньюс" гезити