Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ушундай кыйын заманда нервди сактоонун алты жолу

Ушундай кыйын заманда нервди сактоонун алты жолу

19-февраль, 14:31
4 587 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Өзүңүздүн маанайыңызды көзөмөлгө алыңыз.

Мыкты маанай — эң маанилүү нерсе. Аны мүмкүн болушунча узакка сактаганга аракет кылыңыз. Бир нерсеге ачууңуз келген учурда өзүңүздү кармаңыз, ашыкча сүйлөбөңүз, онго чейин санаңыз.

2. Эч ким менен урушпаңыз.

Эч кимге тийишпеңиз, сизге башкалардын тийишүүсүнө да жол бербеңиз. Мындайды жакшы көргөндөрдөн айланып өтүңүз. Сиздин жиниңизге тийгендердин сөзүнө жооп кайтарбай эле койгонго аракет кылыңыз. Ага таарынуу — болгону нервиңизди болбогон нерсеге коротуу.

3. Баарын ичиңизге катпаңыз.

Таарынычтарды ичиңизге катпаңыз. Сизди тынчсыздандырып жаткан нерсенин баарын өз учурунда тиешелүү адамга айтып, чечишип алыңыздар. Убагында айтылбай калган сөз кийин сөзсүз түрдө карама-каршылыктарга жеткирет. Ушул нерсеге жол бербеңиз.

4. Көбүрөөк жылмайыңыз.

Күлкү — бул маанайды чагылдыруучу гана нерсе эмес, көнүгүү да болуп эсептелинет. Анткени, ал кан айланууну, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Айлана-чөйрөңүздөгү адамдар сиздин жашооңузда чоң роль ойнойт. Андыктан, түнт, мүнөзү оор адамдардан алыс болуп, жашоону сүйгөн, шайыр, ачык көңүл адамдар менен дос болуңуз.

5. Дайыма иш менен алек болуңуз.

Жумушу бар адам — бактылуу адам. Анын бирөө менен урушканга, ушакташканга, кайгырууга убактысы болбойт. Иш менен алек болгон адамдын жашоосу кызыктуу, жаркын, окуяларга толтура болот.

6. Ашыкча сарсанага батпаңыз.

Сарсанаа болуу көп адамдарда адатка айланган. Бирок бул жаман адат, андан арылуу зарыл. Кыжаалат болгонуңуз эч нерсеге жардам бербейт, болгону ал сиздин күчүңүздү алат. Кандайдыр бир аракет жасоо керек болгондо күчүңүз жок калат. Кайгы — көп оорулардын булагы.

Ден соолукта болуңуз оорубаңыз

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер