Акыркы кабарлар
» Коом » Ковидден үч киши каза тапты
Ковидден үч киши каза тапты
30-ноябрь, 11:55
1 402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда 30-ноябрга карата дагы 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.
Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 миң 351 адам болду, 2746 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 миң 230 бейтап сакайып чыкты.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10260 адам өттү, анын ичинен 5803ү биринчи дозаны, 4457 адам экинчи дозаны алды. Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. ашык киши вакцина алды. Анын 892 миңден көбү эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырды.
1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Инфекциянын жаңы “Омикрон” штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.