Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баягы, абалкы кыш өкүмүндө...

Баягы, абалкы кыш өкүмүндө...

11-январь, 23:47
3 838 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баягы кыш. Тааныш кыш. Сагын эже «Абалкы кар» деп жазгандай, ал кыш өкүмүндө. Аппак кар жаап жатат. Эч тынымсыз күн-түн дебей жаады. Жарык дүйнөңдүн эч бир кири жоктой. Асман деле, жер деле, тоо, талаа, шаар, кыштак, бак-дарактар – баары эле аппак карга чулганып, ак дүйнөгө айланып кеткен. Кыштын суугу бар, бирок ушундай сулуулугу бар. Белгилүү акындардын кыш тууралуу саптары…

Сагын Акматбекова, эл акыны: 

«Ким эле деп, кайда эми деп сурабай,

Мына ушул кар жаай берер акырын»

Түн ичинде, таң атаар маалда аппак кар жарык берип турат. Түндөгү кардын нуру бар. Шаардын баш-аягына бир чыгып, каргалар жүрөт каркылдашып. Каргалар да кыштын көркү.


Абалкы кар

…Үйдөсүңбү, жолдосуңбу? Бир муңдуу

Сен да мендей ойдосуңбу, о досум.

Биз экөөбүз бирге кечкен… ким билди?

Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.


…Келсек бир кез кереметтүү бу жайга

Кетерибиз анык экен акыры.

Ким эле деп, кайда эми деп сурабай

Мына ушул кар жаай берер акырын.


…Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан

Жылдыз сымал учканыбыз мейли эле.

Дил табышса, тил табыша алышпай,

Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге?


…Кездер болгон ар бир чыккан күнүбүз

Кем сезилген бирибизсиз бирибиз.

Сен өзүңчө турмуш куруп… Капырай!

Мен өзүмчө жашап эле жүрүбүз.


…Жаралган соң жарыкчылык шаарына,

Жанмак да бар, өчмөк да баарыга…

Акканындай ага берет мезгилдер,

Абалкы кар жаай берет дайыма.

Алым Токтомушевакын, журналист:

«Жылтырайт терезелер

 жаш толгон көздөр сыңар»

Калаа ичи. Тамбаштарын, бак-дарактардын баарын дүпүйүп кар басып турат. Морлордо түтүн бурулдайт. Көөдөндүн тереңинде бир обон жаңырат. Кудум кыш бороонунун обонундай. 


Кыш

Жел жүрөт – жел ойгонот.

Жымжырттык эчкиргени

камданат.

Кар алдында

калгандай эч ким мени

жоктобойт. О, сен аны

ойлобо, эстен чыгар!

Жылтырайт терезелер

Жаш толгон көздөр сыңар.

Кар басып чуңкур, түздү,

короону шамал тинтет,

түнт түтүн түрмөктөлүп

алыстайт бу тирликтен.

Көөдөндө тилсиз булбул –

өрөпкүп жүрөк качат.

Дүйнөдө жол бүткөндөр

күтүүдө сыяктанат.

Керексиз качандыр бир

Карт баскан жараны ачыш…

…Кайдандыр башка бирөө

башка итти авалатат…

Анатай ӨмүркановКыргыз эл акыны:

«Теңирдин бизге жазган каты сымал,

Жатасың жалт-жалт этип былтыркы кар”

Кудум адамдай кардын да муңу бар. Ыйы бар. Жаайт да аз эле күн жатып эрип кетет. Жок болуп кетет. Кардын көз ирмем өмүрү бар. Ошон үчүн аппак дагы, муздак дагы. Кээ бир карлар узагыраак жашайт. 


Былтыркы кар

Кандайсың, кайра келген былтыркы кар,

Жадыңда канча кайгы, канча муң бар?!

Былтыркыдай жылтылдайсың, мупмуздаксың

Жылуулугун жатка бербес жылдыз сыңар.


Ууздай ак денеңди колума алып,

Кармагым келет сени куштарланып.

Чыдай албай чын сүйүүмө мөлт-мөлт этип

Ошол замат жок болосуң жерге тамып.


Сыйкырың - шунча сулуу, шунча муздак,

Тулкуңда мерездигиң турат уктап...

Таш кыласың тамылжыган махабатты

Күлүп кирген кайра өзүңдөн сыздап чыгат.


Теңирдин бизге жазган каты сымал,

Жатасың жалт-жалт этип былтыркы кар.

Так ошончо муздайт, сыздайт, ыйлайт, ырдайт

Бир өзүңө кимдер канча болсо кумар... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер