Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныгы эркектин төмөндөгүдөй беш белгиси бар

Чыныгы эркектин төмөндөгүдөй беш белгиси бар

28-декабрь, 12:34
5 932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Чыныгы эркек жашоодо кандай кырдаалга кабылбасын, өзүнө гана ишенет. Апасына да, аялына да, башкаларга да таянбайт. Албетте, айрым маселелерин чечүүдө досторунан жардам сураган учурлары болот, бирок негизинен өз жашоосун өзү тыңдайт. Эч кимге көз каранды эмес. Татаал кырдаалга кабылганда “жумуш жок” деп эч качан алакан жайып отурбайт. Өзүнүн кесиби боюнча болбосо да жумуш таап, үй-бүлөсүн багат. Кыскасы, кырдаалдан чыккандын жолун билет.

2. Ал маңдайына жазылган тагдырга моюн сунуп отуруп бербейт. Кандайдыр бир кызыкчылык үчүн бирөөгө жагалданбайт, кошоматтанбайт, өзүнө жакпаган кызматта иштебейт. Аялы менен апасынын ортосунда чайналбайт. Ар дайым анын өзүнүн ою, көз карашы болот. Кандайдыр бир талаш-тартыштарда да далил, аргумент менен сүйлөйт. Анткени ал көп окуган, көптү билет.

3. Чыныгы эркек аз сүйлөп, көп иш кылат. Жашоодо кезиккен ар кандай учурларда аялдардан айырмаланып, пайдасыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, жыйынтыкка карай иш кылат. Андыктан кооз жана көп сүйлөп, бирок эч нерсе кылбаган эркекти “чыныгы эркек” деп айтууга болбойт.

4. Ал сизге жардам берүүдөн эч качан баш тартпайт. Ал үчүн суранычыңызды күтүп отурбайт. Анткени дайыма сиз үчүн жагымдуу нерсе жасагысы келип турат. Болгону, анын жардамына ыраазычылык билдирип туруңуз. Ошондо ал да сизди баалап, дагы да жардам бергиси келет. Анан да күчтүү эркектин эң негизги сапаты – жубайына эч качан кол көтөрбөйт. Ал үйдө жаралган маселени кол менен эмес, психологиялык мамиле, жөнөкөй сөз менен чечет.

5. Күчтүү эркек өзүн кандай болсо ошондой кабыл алат. Эч качан башкалар менен салыштырбайт. Башкалар менен салыштыргандан көрө өзүн-өзү менен салыштыруу жакшы жыйынтык берерин билет. “Бүгүн кечээкиге же былтыркыга караганда кандай жакшы иш кылдым?”деп өзүнө суроо берет. Бул чындыгында адамга жакшы мотивация берип, андан ары өсүүсүнө шарт түзөт. 

Сиздин жакындарыңызда бул күчтүү сапаттар бар экенби? 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер