Ийгиликтүү адамдар кантип баарына жетишип үлгүрүшөт?


Айланаңызда эң аз дегенде сиз бир күндө бүтүрө турган жумушту бир-эки сааттын аралыгында ишке ашырып коё турган тааныштарыңыз бар.
Албетте, ал сизге караганда бир кыйла ийгиликтүү адам.
Эмне үчүн ийгиликтүү адамдар көп нерсеге жетише турганынын 12 себебин сунуштайбыз:
1. Алар кыла турган иштерин тизмелешет жана ар бир ишти кантип аткара турганын майда-чүйдөсүнө чейин так эсептеп чыгышат.
2. Аракеттегилер велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок экенин билишет. Тактап айтканда, баарына жаңы, убакытты үнөмдөөчү нерселерди киргизишет экен. Мисалы, электрондук тиркемелерди колдонууну үйрөнүшөт.
3. Чоң максаттарды алдыга коюшуп, майда бөлүмдөргө бөлүп коюшкан.
4. Өздөрүн алаксыта турган факторлорду жок кылышат жана бир ишти жасап жатканда ынтаа коюусун жоготушпайт.
5. Жеке гана иш менен алектенбей, анын жемиштүү болушуна умтулушат тура.
6. Алар болочокту дайыма көрө билишет.
7. Ийгиликтүү адамдар өзүнүн максатына жетүүчү жолдо талбай аракет кылууну унуткан эмес.
8. Чечкиндүүлүк бар жерде прогресс болорун жакшы билишери эстеринде.
9. Алар өзүнүн өнүгүшүнө инвестиция сала алышат.
10. Өз каталарын моюндарына алышып, андан сабак алышары ырас.
11. Ийгиликке жетиш үчүн өздөрү гана аракет кыла алышарын түшүнүшөт.
12. Алар башкаларга чын дилден жардам беришери белгилүү.
"Азия Ньюс" гезити











