Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жардылык – турмуштун эң сонун мектеби

Жардылык – турмуштун эң сонун мектеби

08-май, 09:00
315 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок киши жакыр эмес, тилеги, кыялы жок киши жакыр.

(Сократ)


Адам күлгөнгө жөндөмдүү болсо, демек, ал жарды эмес.

(Альфред Хичкок)


Кээ бир кишилер ушунчалык жарды, алардын акчадан бөлөк эчтекеси жок.

(Патрик Мигар)


Акчалуу кул болгондон көрө эркин кедей болгон жакшы. Адамдар бай, эркин болгулары келишет, анан ушунун айынын кул болуп калышат.

(Альбер Камю)


Мен акчалуу жарды болуп жашагым келет.

(Пабло Пикассо)


Мен байлар болгонуна каршы деле эмесмин. Жардылар болгонуна каршымын.

(Владимир Познер)


Адам кандай гана даражада болбосун аны өзүңөрдөн жогору санабагыла. Башыңды ийип, таазим кыла турган кедейлер бар.

(Кристофер Паолини)


Бай болуп, мактанбаган кыйын деле эмес. Кедей болуп, наалыбыган кыйын.

(Конфуций)


Жардыга жардам берсе болот, бирок ачкөзгө жардам берүү кыйын.

(Мишель де Монтень)


Аксарай күйгөнүн көргөн албетте, кейиштүү. Бирок, алачык күйүп жатканын көргөндө жүрөгүң тим эле тилинип кетет.

(Виктор Гюго)


Бай кишилердин чоң китепканасы, кедей кишилердин чоң телевизору болот.

(Ден Кеннеди)


Жарды киши досторун беш манжасы менен эле санаса болот.

(Америка накылы)


Эң жарды өлкөлөрдө өзүн-өзү өлтүргөндөр аз болот.

(Эрих Хромм)


Токчулуктун сыноосунан өтүү жардылыктын сыноосунан өткөнгө караганда да кыйын.

(Петр Тодоровский)


Эң зыкым кишы эң жарды болот.

(Луций Анней Сенака)


Биз жардыбыз, себеби, биз чынчылбыз.

(Индеецтердин накылы)


Жардылык – турмуштун эң сонун мектеби.

(Решад Нури Гюнтекин)


Түркөй болгонго караганда жарды болгон жакшы. Жардынын акчасы жок болсо, түркөйдүн адамдык сапаты жок.

(Аристипп)


Жарды ачкадан өлсө, бай коркуудан өлөт.

(Ассирия накылы)


Жардылык уят эмес, бирок жардылыктан уялган уят.

(Англис накылы)


Күн  жардылардын алтыны.

(Натали Барни)


Адамдын табияты ушундай: жакыр тууган ал үчүн алыс тууган.

(Цыгандардын накылы)


Байлардын бейиши кедейлердин тозогунан курулган.

(Виктор Гюго)


Адамдарды жардылык эмес, байысам деген умтулуу бактысыз кылат.

(Анири Томпсон)


Жардылык адамдардын убактысын, өмүрүн уурдайт.

(Тони Парсонс)


Жылаңач кишини кырк каракчы да чечиндире албайт.

(Түрк накылы)


Сүйүү жардылык менен тиш оорудан башкасынын баарын жеңет.

(Марина Цветаева)


Мен баарын нөлдөн баштагам, жардылыкка көшөргөн эмгегим менен жеттим.

(Граучо Маркс)


Жардылык  бул суфлёр режиссёр болуп эсептелгени.

(Веслав Брудзинский)


Куру намыс – жардылыкка алып баруучу эң кыска жол.

(Михаил Гуцериев)


Тарыхтагы эң улуу киши эң жарды болгон.

(Ралф Эмерсон)


Бактысыздык менен жардылык адамдардын ортосунда теңдик орнотот.

(Пьер Антуан Дарю)


Өзүнүн байлыгына ишенип, байлыганан үмүт кылган киши – нагыз жарды.

(Андрей Лаврухин)


Жардылык – бул кулчулук, бирок өтө бай болгон деле кулчулук.

(Ж.Жорес)


Мамат Сабыров
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер