Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сенин аялың жок болсо, демек, бирөөнүн эки аялы бар

Сенин аялың жок болсо, демек, бирөөнүн эки аялы бар

06-июнь, 22:15
1 170 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баардык эркектер бирдей, болгону айлыктары ар кандай. 

(М.Аршевский) 


Иттер менен эркектер уктаганды баарынан жакшы көрүшөт.

(Магдалена Самозванец) 


Эркек кишилер жаш бала сыяктуу, аларды колдон жетелегенди жакшы көрүшөт, бирок, чоң киши катары санаганды каалашат. 

(Татьяна Скоблеева) 


Эркек кишилердин үйү сыртынан караганда сепил сыяктуу. Ичинен болсо  балдардын бөлмөсү.

(Клер Люс)


Эркек киши менен жаш баланын айырмасы – алардын оюнчуктарынын баасында.

(Liberace)


Аял кишини тааныгандар анын күйөөсүнө боору ооруйт. Бирок, күйөөсүн  тааныгандар аялын кечиришет.

(Альбер Турнье) 


Эркек менен аял – бир медалдын эки бети.

(Ян Стэнпень)


Эркектер мыйзам жаратат, аял кишилер болсо адеп-ахлакты.

(Франсуа Гиббер)


Эркек кишилер аял кишилер жөнүндө каалаганын айтышат, а аял кишилер эркек кишилер менен каалаган нерсесин кылышат.

(София Сегюр)


Чыныгы эркек дайыма аял каалаган нерсеге жетет.

(Геннадий Малкин)


Эркек киши “эл мен жөнүндө эмне деп ойлошот болду экен?” деп сарсанаа болсо, аял киши “эл мен жөнүндө эмне сөз кылышат” деп кыжалат болот.

(Теодор Готлиб Гиппель)


Эркек киши ойлонот, а аял киши ойлонгонго себепкер болот.

(Энрике Хардьель Понсела)


Катуу аялдар болбойт, бирок, жумшак эркектер бар.

(Рэкуэл Уэлч) 


Ким ысык аялды үйлөсө – муздак аялдан күйөт.

(Магадлена Самозванец)


Сенин аялың жок болсо, демек, бирөөнүн эки аялы бар.

(Аркадий Давидович)


Аялдар күлкүлүү эркектерди, ал эми эркектер чечен аялдарды жакшы көрбөйт.

(Хуго Штейнхаус)


Аял бир кишиден көп нерсени кааласа, эркек көп аялдан бир нерсени каалайт.

(Константин Мелихан)


Эркектин ким экени аялынан көрүнөт.

(Владислав Гжещик)


Эркек кыйналган кезде аял издейт, жыргаган кезде дагы бирөөнү издейт.

(Константин Мелихан )


8-мартты импотенттер ойлоп табышкан. Аялдарды жылына бир гана жолу эстеген кантип болсун?

(Анна Ахматова)\


Аялдардын баары апасына окшош, алардын трагедиясы ушунда. Эркектердин эч кимиси апасына окшош эмес, алардын трагедиясы да ушунда.

(Оскар Уайлд)


Кээ бир эркектер кайрадан жасалган аяз атага окшош. Сен андан образды көрөсүң, ал болсо эрип кетет.

(Эрик Берн)


Мен эмне үчүн эң начар эркектер эң мыкты аялдарды кызыктырганына таңкала берем.

(Агата Кристи)


Аялдарда сулуу болуунун бир гана, ал эми жагымдуу болуунун жүз миң мүмкүнчүлүгү бар.

(Шарль Монтескье)


Ар кандай аял – бул актриса. Эгер ал начар актриса болсо уттуруп коёт.

(Алла Пугачева)


Аялдарсыз такыр жашай албаган жападан жалгыз эркек – бул гинеколог.

(Артур Шопенгауэр)


Аялдар бир эле учурда алма дагы, жылан дагы.

(Генрих  Гейне)


Куник аял болбойт, өзүнүн сулуу экенин билбеген аялдар гана болот.

(Вивьен Ли)


 Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер