Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Өлгөндөрдөн эмес, тирүүлөрдөн коркуш керек
Өлгөндөрдөн эмес, тирүүлөрдөн коркуш керек
23-апрель, 11:32
478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌(“Кеменгер кеп” китебинен үзүндүлөр)
Өлгөндөрдөн корккондо эмне? Тирүүлөрдөн коркуш керек.
ххх
Биз баарыбыз өлөбүз. Бешикке бөлөнгөндөрдүн бири да өлбөй калган учур боло элек.
ххх
Уктап жатканда өлгөн оңой.
ххх
Балдарын “бир күнү өлөм” деп даярдабаган ата жаман ата.
ххх
Оору менен өлүм биз түбөлүктүү эмес экенибизди эске салып турат.
ххх
Бир жакка кетүү бир аз өлгөнгө тете.
ххх
Ким жайкы гүлдөрдү жакшы көрсө, жайында көз жумат деген сөз бар.
ххх
Жашоодо баардык нерсе кечигет, бир гана өлүм кечикпейт.
ХХХ
Ар бир адам менен миңдеген мүмкүнчүлүктөр кошо өлүшөт.
ххх
Өмүрдүн соңу башталышында эле белгилүү. Баары өз этабы менен жүрөт: Төрөлүү, өсүү, өлүү.
ххх
Өзүн өзү өлтүргөн адам эч убакта артында калгандар тууралуу ойлонбойт.