Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өнөр, жөндөмдү өнүктүрүп, ийгиликке жетсеңиз болот

Өнөр, жөндөмдү өнүктүрүп, ийгиликке жетсеңиз болот

11-август, 00:25
97 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ар бир адам ийгиликтүү боло алат, эгерде ар күнү дарыя сыяктуу агып келген мүмкүнчүлүктөрдү көрө алса жана аларды пайдаланса. Ар бир адам ал мүмкүнчүлүктөрдү көрө алат жана пайдалана алат, эгер адам ошол нерсеге даяр болсо.

     Мүмкүнчүлүктөрдү көрө билүү үчүн даярдыктын болушу зарыл, анткени "ийгилик – бул чоң зарылчылыктын же чоң мотивациянын шартында даярдык менен мүмкүнчүлүктүн жолугушуусу". 

Ал эми кантип өзүмдү ийгиликке даярдайм десеңиз, анда:

     1. Билим. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп жүрүңүз, көп китеп окуңуз, издениңиз, үйрөнүңүз. 

     2. Тажрыйба. Тажрыйбаңызды ар дайым байытып жүрүңүз, жаңы жөндөмдөрдү үйрөнүүгө тырышыңыз. Канча көп жумушту аткаруу колуңуздан келсе, ошончолук ийгиликке жакын болосуз. 

     3. Акча. Эгер ишкер же инвестор болуу максатыңыз болсо, анда аз-аздан акча чогултуп жана акчаны туура бөлүштүрүп иштетүүнү үйрөнө бериңиз. 

     4. Тааныштар. Адамдар менен туура мамиле кылууну үйрөнүп, бул багытта да өзүңүздү даярдай жүрүңүз. Анткени, тааныштардын болуусу – келген ар бир мүмкүнчүлүктү көрүүгө жардамы чоң. Адамдар менен туура мамиле кылуу үчүн кулк-мүнөздүн мыкты болуусу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан кулк-мүнөзүңүзгө да маани бериңиз. 

     5. Өнөр. Жаңы өнөр, жаңы жөндөмдөрдү үйрөнүңүз. Анткени, өнөр, жөндөмдөрүңүз – эч ким сизден тартып ала албай турган, сиздин ийгилик куралдарыңыз болот. Согуш талаасында куралдуу аскер куралсыз аскерге караганда тирүү калуу жана жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү арбын каралса, өнөрлүү жана жөндөмдүү адамдын да ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү көп болмокчу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер