Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Ашкабак ичи каткандарга абдан пайдалуу
Ашкабак ичи каткандарга абдан пайдалуу
06-апрель, 13:46


Ашкабак -- бул жөн гана даамдуу жашылча эмес, ал витаминдердин нагыз булагы. Анын негизги пайдаларына кененирээк токтолоюн:
Көз үчүн: Курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, чарчоосун басат.
Иммунитет: С витамини суук тийүүдөн коргоп, организмди чыңдайт.
Аш сиңирүү: Ичегилерди тазалап, метаболизмди тездетет. Өзгөчө ичи каткандарга (запор) абдан пайдалуу.
Жүрөк жана кан тамырлар: Калий кан басымды турукташтырып, шишиктерди кайтарат.
Ашкабактын даны: Бул эң баалуу бөлүгү. Ал эркектердин ден соолугуна (простатиттин алдын алуу) жана организмдеги курттарды (глист) табигый жол менен айдоо үчүн колдонулат.











