Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Изденүү жолунда кыйынчылыктан коркпо, азаптын баары кубанычка алмашат

Изденүү жолунда кыйынчылыктан коркпо, азаптын баары кубанычка алмашат

26-март, 12:10
1 502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет.

(Куран-94:6)

Эч аргаң калбай баратса, кайраттуу бол, баатыр бол.

(Еврей накылы)

Кулдун мойнундагы каргы дайыма жоокердин соотуна, калкан-кылычына  караганда жеңил болот.

(Белгисиз автор)

Изденүү жолунда кыйынчылыктан коркпо, азап-тозоктун баары кийин кубаныч менен алмашат.

(Хафиз Ширази)

Жашоонун маңызын түшүнүш үчүн жашап көрүш керек. Өзүңдү чыр-чатактардан коргобой, коркунучтардан, тобокелчиликтерден коркпой, жеңил жол издебей, жоопкерчиликтен качпай, “менин үйүм эң четте, элге келген жамандык мага келбейт” деп ойлобой жашаш керек.

(Евгений Леонов)

Жаш кыздын акыбалы канчалык жаман болсо, анын көрүнүшү ошончолук жакшы болууга тийиш.

(Коко Шанель)

Деңизди сүзүп өткөн киши көлчүккө чөгүп өлгөнү уят иш.

(Керри  Брэдшоу)

Кыйынчылык адамды же сындырат, же курчутат.

Жүк желке үчүн жаратылган, аны көтөрүш үчүн күчтүү, өтө күчтүү желке   керек.

Мен сизди көптөн бери тааныйм, бирок, башыңызга иш түшкөндө бир да жолу бетаарчы пайдаланганыңызды көргөн жокмун.

(Маргарет Митчелл)

Эгер сен түркүн түстүү асан-үсөндү көргүң келсе, ичиркенткен муздак жамгырда калганга даяр болушуң керек.

(Долли Партон)

Эч качан чоң иш чоң кыйынчылыксыз болбойт.

(Вольтер)

Биз башкалар менен кубанычыбызды бөлүшсөк болот, ал эми кыйынчылыктарыбызды болсо өзүбүз жеңели.

(Роберт Хайнлайн)

Мен отту айланып өтпөй, аралап өткүм келет.

(Мадонна)

Кыйынчылык баардык нерсенин баасын арттырат.

(Мишель де Монтень)

Жогоруга алып барчу жол дайыма кыйын, бирок, ажайып нерселерди көрөсүң.

(Ханна Монтана)

Кыйынчылык итке окшош: ал тааныбаган кишилерин гана тиштейт.

(Антисфен)

Эгер кыйналып, өзүңдү жаман сезип жаткан болсоң, сага караганда да көбүрөөк кыйналган кишини тап да, жардам бер.

(Олег Рой)

Күрөш канчалык кыйын болсо, жеңиш ошончолук кооз, даңктуу болот.

(Лопе де Вега)

Тегиз жерде кичинекей үймөк да дөбө болуп көрүнөт.

(Карл Маркс)

Эгер кийинкиге калтырсаң, кыйынчылык ого бетер оорлой берет.

(Джордж Мартин)

Чыныгы адам дайыма кыйын жакка умтулат.

(Отто Юльевич Шмидт)

Адамдын алдындагы чуңкурлардын баарын көмүп чыгуу мүмкүн эмес, бирок, ага чуңкурлардан кантип өтүүнү үйрөтсө болот.

(Дмитрий Емец)

Кыйынчылык жана сыноолор болбосо, адам жогорулай албайт.

(Валерий Грузин)

Жарык кээде эң терең, караңгы жерлерде жаралат.

(“Прокол” фильминен)

Үйлөнгөн кыйын деле эмес, аялы бар болгон кыйын.

(Мигель де Унамуно)

Абийирсиз жашоо кыйын, абийир менен жашоо андан да кыйын.

(Петр Квятковский)

Жаман күндөр түбөлүккө созулбайт, ал эми жаман адамдар дайыма болот.

(Роберт Гарольд Шуллер)

Бирөөгө киринген кыйын болсо, бирөөгө кир болуп жүргөн кыйын.

(Евгений Витальевич Антонюк)

Жашоо оңой эмес. Эгер оңой болгондо биз ыйлап төрөлбөйт элек да.

(Криштиану Роналду)


Мамат Сабыров 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер