Таза абийир – эч качан бүтпөгөн майрам


Мен эки гана чыныгы бактысыздыкты билем: абийириң кыйнаганы жана оору.
(Л.Н.Толстой)
Абийирин жоготкон кишилерди караган – бети жарылган кишилерди тиктегенге караганда да коркунучтуу.
(Ю.Фучик)
Абийирди эч ким тартып ала албайт, бирок, аны жоготуп алышың мүмкүн.
(А.П.Чехов)
Адам канчалык уяттуу болсо, ошончолук сыйга татыйт.
(Бернард Шоу)
Таза абийир – эч качан бүтпөгөн майрам.
Мыйзам ооздуктай албаганды уят ооздуктайт.
Жоголгон абийир кайра табылбайт.
(Кенже Сенека)
Уятын жоготкон кишини өлдү деп коюш керек.
(Плавт)
Бирөөнү абийиринен ажыратуу – өзүң да абийирсиз болдуң дегенди туюндурат.
Арам киреше чыгашадан да жаман.
Уяты жок кишиге коркутуу гана таасир этет.
Намыстуу болууга үйрөнүү мүмкүн эмес, намыстуу болуп төрөлүш керек.
Өзүнүн кылыгына уялбаган киши эки эсе күнөөкөр
(Публилий Сир)
Абийир – жүрөктү канжалаткан тырмактуу жырткыч.
Абийири булганган киши кандай гана аянычтуу.
(А.С.Пушкин)
Акыл менен ар-намыска калп айтса болот, бирок, аларды алдай албайсың.
Адам адегенде өзүн соттоп үйрөнмөйүн башкаларды соттой албайт.
(И.Гете)
Уятың жок болсо акылдуу болсоң деле жашай албайсың.
(Максим Горький)
Эң жогорку сот – абийир соту.
(Виктор Гюго)
Өзүнүн уят иштерин унутуп коюу бети жоктукту пайда кылат.
(Демокрит)
Күчтүүлөр эмес, абийирдүүлөр кыйын. Уят менен ар-намыс баарынын күчтүү.
Абийирдүү кишилердин душманы абийирсиздердикине караганда дайыма көп болот.
(Ф.Достоевский)
Биздин ичибизде жашаган мыйзам “уят” деп аталат.
(Кант)
Абийир менен намыс бир гана жолу жоголот.
(Э.Капиев)
Коркок, уят-сыйытын жоготкон киши бардык пастыкка макул болот.
(Ж.Лабрюрер)
Уят – бул мыйзамдардын мыйзамы.
(П.Бауст)
Башынан эле өзүн жакшы алып жүргөн адамдын абийири кыйнабайт.
(Абу-ль-Фарадж)
Уят менен намыс көйнөк сыяктуу, канчалык жыртылган сайын ага ошончолук кош көңүл карай баштайсың.
(Апулей)
Абийир соту – бул жоголгон ар-намыстын жаңырыгы.
(Э.Булер-Литтон)
Улуу адам сыяктуу эле керемет адам бар, ал – абийирдүү киши.
Абийир – бул эр жүрөктүүлүк менен уялуу.
(А.Виньи)
Абийир менен соода жүрбөйт.
(Л.Воеранг)
Абийир – жакшы адамдын колундагы бриллиант.
Абийирин кыйнаганы – кылмышкерде калган жападан-жалгыз жакшы сапат.
(Ф.Вольтер)
Ар-намыс маселесинде көпчүлүктүн мыйзамы иштебейт.
(Махатма Ганди)
Элестетсеңер, өмүр бою соода-сатык жүргүзгөнгө канчалык уят керек!
(Михаил Генин)
Уят биздин баарыбызды чындыгында коркокко айлантат.
(Уильям Шекспир)
Эгер абийириң тынч жаткан болсо, демек ал таза экен.
(Евгений Кащеев)
Уят-сыйыт ийгиликке бат жетем дегендер үчүн эң чоң душман.
(Оноре Мирабо)
Уяттан өлгөнгө караганда ачкадан өлгөн жакшы.
(Софи Арну)











