Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Центерраны” эл аралык сотто жеңүү үчүн кандай кадамга баруу керек?

“Центерраны” эл аралык сотто жеңүү үчүн кандай кадамга баруу керек?

24-сентябрь, 12:24
1 309 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөрдүн банкрот болорун, Нью-Йорк сотунан канадалыктардан утуларын алдыртан болжогондор арбын. Деги эле бул жааттан эмнени күтөбүз? Кыргызстанга ийгилик жылмаябы же?.. – деген өңүттө суроо салдык.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер, саясый серепчи:

-- Биз “Центерра” менен “ажырашып” жатабыз да. Бул процессте ар кандай мүлк, акча проблемалары сөзсүз чыгат. Азыр ушул этаптабыз. Биздин мурунку бийликтегилер “Центерра” менен ысык мамиледе болушуп, алардын гана кызыкчылыгын көздөгөн” деген айыптоолорго дуушар болуп отурушат. Кээ бирлери моюндарына алышып, тергөө менен кызматташып жатышат. Бир тобу абакта отурушат, айрымдары эл аралык издөөдө жүрүшөт.

Кыргызстандын соту чоң экологиялык зомбулук кылганы үчүн “Центерраны” 4,5 млрд. долларга жыкты, ал соттун чечими күчүнө кирди. “Центерра” ошону төлөп бериши керек. Бирок, “Центерра” да оңой жоо эмес, алар да жөн эле жыгылып беришпейт. Биз эл аралык сотто жеңиш үчүн эң чоң үч фактор керек.

1. Бүт бийлик бутактарынын жана элдин биримдиги. Бул маселеде баарыбыз “Кумтөр Кыргызстандыкы” деген бекем позицияда турушубуз зарыл.

2. Кумтөрдүн азыркы жетекчилиги эл аралык эксперттерди тартып, соттон утканга аракет жасашы керек.

3. Кумтөр үзгүлтүккө учурабай, мурункудан да мыкты иштеп турушу шарт.

Мындай эл аралык талаштар адатта айлап-жылдап созулушу мүмкүн. Ошого даяр болушубуз абзел. Ошондуктан бул маселеде бир муштум болуп түйүлүп, өкмөткө дем-күч берип турушубуз керек. Ошондо гана ийгилик келиши ыктымал.Центерранын” мурунку жетекчиси Ян Аткинсон баштаган төрт жетекчисине кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланды. Алар “200 млн. долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен” деген маселе боюнча шектелип жатышат. Бул дагы “Центерра” менен күрөшүүнүн бир ыкмасы.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Кумтөрдүн Нью-Йорктогу сотун алдын ала “канадалыктар утулат” дегени болбогон кеп да. Кумтөрдөгү буга чейинки коррупциялык иштер айдан-ачык көрүнүп эле турат. Булар биздин мамлекет башчыларын алдап жүргөнүн Американын жана Канаданын соту билишет. Ошондуктан канадалыктар, “Центерра Голд” утулат. Мындайча айтканда, биздикилер соттон утат. Эми кеп Кумтөрдү иштете алабызбы же уурулукка биздики да алдыртабы? Маселе ушунда. Карап көрөлү, мурда Макмал алтын кенинен килограммдап уурдап жүрүшкөнү чын болсо, анда Кумтөрдөн тонналап уурдашары шек жаратпашы мүмкүн го? Бу жерде эгемендиктен берки премьер-министрлердин баары суракка чакырылып, кээси соттолуп атат. Алдыда көптөгөн сюприздерди күтөбүз...

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- Кумтөр боюнча эл аралык соттор деле биринчи кезекте Кыргызстандын ички мыйзамын карайт. Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондук сотторунун чечимдерин Нью-Йорк эске алды. Президент Садыр Жапаров деле Кыргызстан үчүн аракет кылып атпайбы. Азыркы бийликтин Кумтөр боюнча чечкиндүү кадамдарга барып атканын да кубаттайм. Бирок, “Кыргызстан утат” деп эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Себеби, ошо Кумтөр кенинде иштеп аткан техникалар, анын ичинде оор жүк ташыган катерпиллер машиналары четинен бузулуп, анын запас тетиктери жоктугунан бириникин бирине жармаштырып, эптеп иштеп аткан сыяктанат. Анткен менен ошол эле “Центерра” катерпиллер чыгарган заводдор менен тетиктерди камсыздоо бонча көп убакытка келишим түзүп коюшкан эле. Бул боюнча учурда талаш маселе жаралып атканынан кабарым бар. Буларды иликтеп, биздин өкмөткө жагдайды айтып, түшүндүрүп бере турган адам жок – бул  биринчиси. Эми экинчиси – Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында түшүнүктөрү жетишсиз депутаттар тийешелүү деңгээлде иш алып барып атканына толук ишенбей турам. Алар Кумтөрдү экинчи планга жылдырып, эң ириде күздөгү парламентке даярдык көрүшүп, ары-бери чуркап жүрүшөт. Андан сырткары, “Центерра” эл аралык сотторго кайрылып, “бизге башка көз карандысыз, кадыр-барктуу сотторду таап бергиле” дешти. Бул жагы кандай болору азырынча белгисиз...   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер