Эмне үчүн эч качан багынбоо керек?


Сиз үчүн багынууга жалгыз негиз – бул өлүм. А сиз жашап турганда, ден соолугуңуз барда, эркиндик колуңузда турганда аракет кылууга мүмкүнчүлүк дайым бар.
Сиз күчтүүсүз
Өзүңүз ойлогондон алда канча күчтүүсүз. Бир гана майда-чүйдө ийгиликсиздик эмес, он, жүз, миң жолу жыгылган күндө дагы сизди токтото албайт.
Өзүңүздү көрсөтүңүз
Башкаларга окшобойм деп жашынып жүрүү – бул багынуунун белгиси. Дүйнөгө да, өзүңүзгө да ким экениңизди көрсөтүңүз. Иштейм десеңиз иштейсиз. Максатка жетүүнү токтотуучу бир гана нерсе бар – багынуу.
Сизден да оор шартта жашагандар бар
Азыр дүйнөдө абдан оор шартта жашап, эң жөнөкөй мүмкүнчүлүктөрдөн да кур калган адамдар арбын. Сиз 5 км чуркагыңыз келбейби? Ал эми баса да албай жүргөн адамдар ушундай мүмкүнчүлүк үчүн баарын бермек.
Дүйнөнү жакшыртыңыз
Максаттарыңызга жеткенде, ошол ийгиликти башка адамдардын жашоосун, дүйнөнү жакшыртууга жумшай аласыз.
Сиз бакытка татыктуусуз
Башкалардын сөзүнө алданбаңыз. Сиз бакытка да, ийгиликке да татыктуусуз. Бул ишеним менен жүрсөңүз, жетесиз.











