Ноябрь айы үмүтсүз боз дүйнөгө, кусалыкка үндөш...


Бош кичинекей бөлмөдөн үмүтсүздүк, кусалык жана ноябрь деми сезилип турду.
(Эрих Мария Ремарк)
Эгер мен философторду айларга бөлүшүм керек болгондо, ноябрга Шопенгауэр менен Ницшени тийешелүү кылмакмын. Ноябрдын жамгырына жана кусалыгына бул экөөндөй ылайык келген эч ким жок.
(Януш Леон Вишневский)
Ноябрда күн менен асмандын бар экенине күмөн санайсың, ал эми капысынан булуттардын арасынан кичинекей нур “жылт” этип, асман көгөрүп көрүнүп калса, ошол үчүн өзүнчө ыраазы болгуң келет. Ал эми нур да, көгөргөн асман да кайра жок болуп кетсе, анда кар жаашын эңсей баштайсың. Бул үмүтсүз боз дүйнө аппак болуп жаркырашы жандүйнөңө жакын сезилет.
(Белгисиз автор)
Менин оюмча, ноябрда ар бир катардагы адам үчтөн он күнгө чейин депрессияга түшүп жатышы керек. Эгер кандайдыр бир себеп менен төшөккө шылкыйып жатпасаңар, анда жандүйнөңөр өтө эле орой экенинен кабар берет.
(Марта Кетро)
Ноябрь. Суук. Шамал. Кар. Бул аба ырайы ысык чайга, шоколадга, жылуу жуурканга жана кооз жомокторго ылайыктуу.
(Белгисиз автор)
"Азия Ньюс" гезити











