Илим көп эле ооруларга дары тапты, бирок илдеттердин эң жаманы болгон кайдыгерликтин дарысын дале таба элек


Эгерде кимдир бирөө сенин жашооңдо калышын кааласаң, эч качан ага кайдыгер болбо.
(Ричард Бах)
Адамдардын баары калп айтат, бирок бул эчтеке эмес. Эч ким бири-бирин укпайт, ушу жаман.
(Альберт Эйнштейн)
Азыр адамдардын бири-бирине убактысы жок.
(Рэй Брэдбери)
Эгер адамдарга жакшы мамиле кылгың келсе, алар сага жакшы мамиле жасашын талап кылба.
(Михаил Задорнов)
Сүйүүнүн эң башкы душманы жек көрүү эмес, кайдыгерлик.
(Клайв Стейплз Льюис)
Көп кишилер өзүн сабырдуумун деп ойлошот, а чындыгында алар кайдыгер.
(Берти Чарльз Форбс)
Сен баарын жакшы көрөсүң, баарын жакшы көрүү – эч кимди жакшы көрбөө.
(Оскар Уайльд)
Философтор менен чыныгы даанышмандар кайдыгер болот деп айтышат. Калп, кайдыгерлик – жандүйнөнүн шалга айланганы, мезгилинен эрте өлгөндүк.
(Антон Чехов)
Кайдыгерлик менен көңүлкоштук ачык душмандыкка караганда да көбүрөөк зыян келтирет.
(Джоан Роулинг)
Мага кайдыгер болгондорго мен да кайдыгер болгум келет.
(Джордж Бернард Шоу)
Канткен менен кайдыгерлик эки жүздүүлүккө караганда жакшыраак да.
(Олег Рой)
Сүйүүнүн каршылашы жек көрүү эмес, кайдыгерлик.
(Роберт Сапольски)
Анын жообу сага баары бир болгон соң, бирөөдөн “иштериң кандай?” деп сурап эмне кыласың?
(Джоди Поколт)
Илим көп эле ооруларга дары тапты, бирок илдеттердин эң жаманы болгон кайдыгерликтин дарысын дале таба элек.
(Хелен Келлер)
Эч кимге жакпагандарга караганда да эч кимди жактырбагандар көбүрөөк бактысыз.
(Франсуа де Ларошфуко)
Эгер каерде экениң сен үчүн баары бир болсо, демек, сен адашпаптырсың.
(Артур Блох)
Өлүм адамды өлтүрөт деп айтышат, бирок өлүм өлтүрбөйт. Кайдыгерлик менен көңүл коштук өлтүрөт.
(Игги Поп)
Бирөө мени жакшы көрсө – таңкалам, жакшы көрбөсө – таңкалам, мага кайдыгер болсо – андан бетер таңкалам.
(Марина Цветаева)
Менин ааламым – кайдыгерликтин мухитинде сүзүп жүргөн кичинекей азап аралы.
(Зигмунд Фрейд)
Адамдар чогуу жашаса да бири-бирин көрүшпөйт, уй сымал жанаша жүрүшөт, эң эле жакын болгондо аракты чогуу ичишет.
(Мишель Уэльбек)
Мен бир жерден “аңчылар морждорду союл менен уруп өлтүрүп жатса да жанындагы башка морждор кайдыгер карап тура беришет” деп окудум эле. Бирок, согуш учурунда мен адамдар деле ошентишерин көрдүм.
(Эрих Мария Ремарк)
Көңүл коштук сүйүшкөндөрдү жарадар кылат, өлтүрөт.
(Елена Звездная)
Аял жек көргөн адамын деле сүйүп калышы мүмкүн, бирок кайдыгер адамды дегеле сүйө албайт.
(Дельфина де Жирарден)
Сылыктык – бул аябай жымсалданган көңүл коштук.
(Николай Бердяев)
Жашыңды аарчы, жашыңды сүрт. Дүйнөнүн сенин көз жашың менен иши жок.
(Хилари Мантел)
Көңүл коштук – ташбоордуктун эң жеткен чеги.
(Митчел Уилсон)
Көңүл коштук муз сыяктуу, ал адамды тоңдурат.
(Оноре де Бальзак)
Кайдыгерлик жек көрүүгө караганда да коркунучтуу.
(Мюриель Барбери)
Кайдыгер болбогула, анткени, ал жандүйнөнү жабыркатат.
(Максим Горький)
Кызганчаак жигиттер кийин кайдыгер күйөөгө айланышат.
(Майн Рид)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











