Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе
Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе
08-октябрь, 18:14


Ар бир адамдын жашоосунда эки жакшы күн бар. Өзүнүн бул жашоого келген күнү жана эмнеге келгенин түшүнгөн күнү.
***
Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе. Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет. Ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт, сүйлөйт, сүйөт, сүйүлөт жана жашайт. Адамдар дараметине жараша алектенишет...
***
Ийгиликтин сыры аз болсо да күн сайын кайталап туруу зарыл.
***
Сени укпаган чөйрөдө кыйкырып сүйлөгүчө, сени уккан чөйрөдө шыбырап сүйлөгөн жакшы.
***
Эң жаман сезим – ыйманыңдын алсырап баратканын сезүү...
"Азия Ньюс" гезити











