Эч кандай диетасыз арыктоонун сыры


Окумуштуулар бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, курсактын чыгып калуусунун себебин жана аны кетирүүнүн ыкмасын табышты. Ошону менен 10 грамм эриген клетчатка (була) жесе, беш жыл ичинде ички органдагы майды 3,7 пайызга азайтат. Эриген була сулуу, арпа, жаңгак, дандар, буурчак тукумундагылар, кээ бир жер-жемиштер менен мөмө-жемиштерде кездешет. Бүтүн дан өсүмдүктөрдүн аркасында адам тез тоёт. Тактап айтканда, табитин тыюуга мүмкүндүк берет.
Байытылбаган майды пайдалануу (зайтун майы, авокадо жана жаңгактын кээ бир түрүндө кездешет) курсактагы майды азайтууга пайдасын тийгизет. Сары май, эт менен тоок этинде кездешкен майды жебегенге аракет кылыңыз.
Мындан сырткары, изилдөөчүлөр жеген тамактын өлчөмүн азайтууга кеңеш беришет. Мурунку изилдөө натыйжалары боюнча карындагы майды кетирүүгө төмөнкү калориялуу диета жакшы жардам берет. Бирок ички организмдеги майдан арылуу үчүн физикалык машыгууларга да көңүл бөлүү керек.
"Азия Ньюс" гезити











