Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түшүбүздө көбүнчө бизге тааныш эмес адамдарды көрөбүз

Түшүбүздө көбүнчө бизге тааныш эмес адамдарды көрөбүз

08-февраль, 09:00
756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адамдардын 12 пайызы ак түштү кара түстө көрүшөт. Бардык адамдарга окшош болуп кирген түштөрдүн топтору бар, алар: жумушта же окууда болуп жаткан окуя, бирөөдөн качып бараткан, бийиктиктен кулап кетүү, тиштин түшүп калуусу, асманда учуу жана башка.

Түшүбүздө көбүнчө бизге тааныш эмес адамдарды көрөбүз, бирок биз аларды качандыр бир чыныгы жашоодо жолуктурганбыз.

Түшүбүздүн 90 пайызын унутуп калабыз. Түш көрүп ойгонор замат түшүбүздүн жарымын эстей алабыз, ал эми 10 мүнөт өткөн соң араң 10 пайызын билген болобуз.

Көзү азиздер да түш көрүшөт. Төрөлгөндөн кийин бир нерседен улам көзү көрбөй калган адамдар түштү кадимки адамдардай эле көрүшөт, ал эми тубаса азиздерге түш башкача болуп кирет. Сүрөттөлүп көрүнбөсө да алардын түшү жыттарга, добуштарга, сезимдерге бай болот. 

Адам коңурук тартып жатканда түш көрбөйт. Адамдардын жарымы жок дегенде бир жолу түштүн ичинен түш көрүшкөн. Түш адамга эмне үчүн кирерин азыркыга чейин бир да окумуштуу изилдеп таба элек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер