Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Утканга караганда утулганда сен көбүрөөк нерсени түшүнөсүң...

Утканга караганда утулганда сен көбүрөөк нерсени түшүнөсүң...

01-февраль, 09:00
1 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Байлык тойгондукту, тойгондук бетпактыкты пайда кылат.

(Солон)


Эң зарыл билим – бул жамандыктан арылтчу билим.

(Антисфен)


Сыртыңды кооздобой, руханий жактан сулуу болуш керек.

(Фалес)


Тилиң оюңан озуп кетүүсүнө жол бербе.

(Хилон)


Иш менен далилдөөгө мүмкүнчүлүк бар болсо, сөздү коротуунун кереги жок.

(Эзоп)


Эгер күлбөгөн кишини көрсөң, сен өзүң жылмайып кой.

(Биант)


Көп сүйлөгөн менен көп айткан экөө эки башка нерсе.

(Софокл)


Башкалар тууралуу жаман сөздөрдү айткан досуңа эч качан ишенбе.

(Пифагор)


Даанышман киши келесоо болуп көрүнгөндөн коркпойт.

(Эсхил)


Акылдуунун иши – кырсык келе электе сезе билүү, баатырдын иши – кырсык келгенде жеңе белүү.

(Питтак)


Эстеликке кебетеси, адамга иши көрк берет.

(Пифагор)


Бөтөн булуттардын арасында асан-үсөн болгонго аракет кыл.

(Майя Энджелоу)


Улуу максат үчүн жакшы нерседен баш тартуудан коркпош керек.

(Джон Д.Рокфеллер)


Барына шүгүр кылсаң, андан да көбүрөөк нерсеге ээ болосуң.

(Опра Уинфри)


Эгер ойлоруң таза, аруу болсо, жүзүң күн сыяктуу нурданып турат, дайыма татынакай болуп көрүнөсүң.

(Роальд Даль)


Сен же жеңесин, же сабак аласың.

(Джон Мкасвелл)


Утканга караганда утулганда сен көбүрөөк нерсени түшүнөсүң...

Адашуу – жол табуу дегенди билдирет.

Бирөөлөр суктанбай койсо эле асыл таш өз баасын жоготуп койбойт.

Досуң менен бөлүшүп ичсең суу да ширин сезилет.

Картайып, жерде отурган киши жаш кезде кайсы жерде турганын көрсөтөт.

Байлыкты пайдалансаң түгөнөт, билимди пайдалансаң көбөйөт.

Мүнөзү жакшы болсо куник киши да сулуу көрүнөт, мүнөзү жаман болсо сулуу киши да мокочо көрүнөт.

Куник кишини сүйүү менен биз аны сулууга айлантабыз.

Эгер акча үчүн маймылга үйлөнсөң, акчасы түгөнөт. Маймыл болсо маймыл бойдон калат.

Душманың менен жатып келген аялга эч качан ишенбе.

Көлмөнүн жанында ушак айтсаң, бакалар угуп коёт.

Дос бул сенин жүргүңдөгү ырды билип, сен сөздөрүн унутуп калган учурда ырдап берген адам.

Эгер көкүрөгүң кекирейүүгө толо болсо, даанышмандыкка орун калбай калат.

Эгер сени буйвол таштап кетсе, ар бир кара бука сага буйвол болуп көрүнөт.

Эгер эркек киши “уктап жатканыңда өлтүрөм” десе, коркпой уктай бер. А эгер аял киши ошентип айтса, көзүңдү жума көрбө.

Абышка өлсө бир китепкана күйүп жок болот.

Кеңеш укпаган кулак кесилген баш менен кошо кетет.

Кыйынчылык учурда акылдуу киши көпүрө салса, келесоо плотина курат.

Биз балдарыбызга эки нерсени – тамырыбыз менен канатыбызды калтырабыз.

Иш-аракеттин сулуулугунан өткөн сулуулук жок.

Бала сойлоп, басканды үйрөнөт.

Досу жок киши – жарды киши.

Баланы жумуртка уурдап келген күнү жазалабаса, бука уурдап келген күнү жазалаганга кеч болуп калат.

Жинди “бийлесин” деп барабан согуп берген кишинин жиндиден эч айырмасы жок.

Эркек баланы тарбиялоо менен сен бир кишини тарбияласаң, кызды тарбиялоо менен бир үй-бүлөнү тарбиялаган болосуң.

Баланын күлкүсү үйдү жарык кылат.

Келесоо гана суунун тереңдигин эки бутун тең салып текшерет.

Кемпир баланы тиши чыкканга чейин багат, бала болсо кемпирди тиши түшкөндөн кийин багат.

(Африка макалдары)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер