Лимон бетти агартып, какачты кетирет


● Бет аябай тердей берсе, териси майланышып жылтырап жатса, же безетки чыкса, бир күндө 2-3 жолу лимон тилими менен бетти сүртүү кажет.
● Эгерде бетиңиз ак, ал эми мойнуңуздун териси ага салыштырмалуу күңүрт түстө болсо, лимон ширесине малынган кебез менен мойнуңузду сүртүп, андан соң гана крем сүйкөсөңүз жарашат.
● Бирдей өлчөмдөгү лимон, сабиз, бадыраң ширелеринин аралашмасы менен ириңдей түшкөн безеткилерди айыктырууга мүмкүн.
● Бут ашыкча терчил болуп кетсе, лимондун ширеси менен таманыңызды сүртүңүз.
● Жумшак, жука, бат сына берген тырмакка 10 күнгө чейин лимон тилимин сүртүү зарыл. Бул тырмакты катуу, бекем кылып, өңүн жакшыртат.
● Одуракай тартып, кургап, кесилген колдун терисин жумшартуу үчүн күн сайын лимондун ширеси менен жумуртканын агын аралаштырып, таза жуулган колго 20 мүнөт жабыңыз.
● 4 лимондун кабыгын 1 литр сууга 15 мүнөт кайнатып, муну менен таза жуулган чачты чайкаса, какачты кетирет. Ал эми 1 литр кайнаган сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп туруп чайкаса, чач жылтырап калат.
"Азия Ньюс" гезити











