Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алгач эртең менен турганда эмне кылуу керек?

Алгач эртең менен турганда эмне кылуу керек?

29-январь, 18:00
1 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрте ойгонуңуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдуу жана мүнөзү жайдары болот. Төшөктөн туруп эле терезеңизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиңиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыңызга жардам берет.

***

Ачкарын бир стакан суу ичиңиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаңыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеңиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таңкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүңүз.

***

Сөзсүз тамактаныңыз. Кофе – бул тамак эмес! Ойгонгон соң эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиңиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой, таңдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеңизди бышырып коюңуз. Канчалык шашылып жатсаңыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүңүз. Эгер эч жакка барбасаңыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып 
дасторконго отуруңуз. Антпесе таң эрте өзүңүздү жүдөмүш сезгениңиз акырындан депрессияга жол 
ачат.

***

Таңкы медитация. Бул учурда өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоңуз. Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүңүздү элестетип, башыңыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеңиз. Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиңизде болсун.

***

10 мүнөт тамашалуу видео көрүңүз же анекдот окуңуз. Өзүңүздү кармабай, каалаганча каткырып, эс алып алыңыз.

***

Жогорудагы кеңештерди аткарам десеңиз, анда эрте уктоо керек. Себеби, “кеч жатып, эрте ойгоном” деп уйкуңуз канбай, өзүңүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыңыз ыктымал. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер