Акыл-эс, бийик руханий дүйнө гана адамзаттын келечегине жол ачат
(Асланбек иниме жана анын урматтуу окуучуларына, жалпы Кыргызстан элибиздин жаштарына жаңы жылдык каалоо-тилегим!)
Адамдын акыл-эси – анын тили, дили, каада-салты жана рухий-адеп-ахлактык (нравалык) дүйнөсү. Ал сапаттар – адамды жараткан ошол элдин илгерки ата-бабаларынан бери келаткан жашоо-турмуш философиясы, каада-салты, бийик руханий дүйнөсү жана ыйык мурасы. Алар эч качан бузулбашы керек. Аларды ар бир адам өз көзүнүн карегиндей сактап жашоосу зарыл. Ошондо гана эл өзүн-өзү сыйлаган көрөңгөлүү муун катары сакталып кала алат.
Ооба, биз аны эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек, адам катары, инсан катары. Анткени ал – биздин тагдырыбыз. Демек, биздин тагдырыбыз – биздин колубузда. Анткени, адам баласынын карт тарыхы тастыктагандай жана англис элинин акылман, тарыхчы, философу Арнольд Тойнби мырза айткандай, “Дүйнөлүк цивилизациялардын кесилишинде – куттуу кыргыз жергесинде жашаган көрөңгөсү күчтүү, рухий дүйнөсү бийик, акыл-эси терең, генетикалык коду таза жана келечеги кенен элде гана эртеңки адамзаттын бактылуу келечеги калыптанышы мүмкүн”.
Мен ишенем, биздин бүгүнкү жана эртеңки жаш муундарыбыз жалпы адамзаттын аруу тилегин иш жүзүнө ашыруу максатында, ашык-кеми жок, аяр акыл-эси жана бийик рухий дүйнөсү менен адамзаттын эртеңки келечегин алдыга алып кете алат (!) деп.
Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болсун, менин урматтуу жаш мекендештерим! Жаңы жылыңар кут болсун!
Сиздерге терең урматым менен,
Карыбай Турусбеков
29-декабрь 2021-жыл
"Азия Ньюс" гезити