Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек: “Цигун, тай цзи иммунитетти көтөрүп, вирусту өлтүрөт”

Медер Бишкек: “Цигун, тай цзи иммунитетти көтөрүп, вирусту өлтүрөт”

26-март, 20:36
1 472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тай цзи чебери Медер ага тажрыйбалары менен бөлүшүп, бүгүнкү кырдаалдан чыгуунун жолдорун айтып, үмүт берип турган чагы. Маегибиз окурман үчүн пайдалуу болору анык.


-- Коронавирус дарты жайылган акыркы абал сизди кандай ойлорго жетеледи?

-- Чыгыш философиясында “ар бир минуста чоң-чоң плюстар болот” деген түшүнүк бар. Ооба, бүгүнкү күндө коронавирус (COVID-19) же кыргызча таажы уусу дүйнө элдеринин үрөйүн учуруп, чоң коркунуч туудурду. Эң алгач Япония бул илдетти толугу менен жеңип чыкты, андан сон Кытай. Алла Таала сыноо жөнөткөндө сөзсүз артынан анын чечимин кошо жөнөтөт эмеспи. Кытайда, Японияда, Түштүк Кореяда чоң ишканалар токтоп, шаарлар укмуштай тазаланыптыр. Смог аттуу балээден кутулушту көрүнөт. Пендени тим койсоң жаны тынбайт, тиричилик бүтпөйт, ишканалар токтобойт, тыныгуу жок. Ал эми бул табигаттын адамзатын тартипке салуу ыкмасы бир жактан адамзатына коркунуч, көйгөй жаратса, экинчи тараптан жаратман тазалануу тартуулады. Кыргыз эли "той-топур качан токтойт? Тапкан акчабызды тойго эле чачып жатабыз" деп нааразы болуп жатты эле, көз ирмемде тойлор да, тополоң чогулуштар да токтоду. Окумуштуулардын берген кеңештериндеги номур биринчи эреже – колду самындап жууп туруу керек экен. Экинчиси – бетке маска тагуу. Коронавирус гана эмес башка вирустардан да алыс жүрүүнүн эң биринчи эрежеси – бул колду таза алып жүрүү экенин илимпоздор далилдеп жатышат. Карантин бүткөндө менин “Кыргыз үйгө киргенде дароо колун жууйт” аттуу китебимди алып окуп коюңуздар. Китеп, же жеке гигиена канчалык элге жайылса, ошончолук элибизге да, мамлекетибизге да жакшы болот эле. 

-- Дартты жеңүүгө кандай кеңештериңиз бар?

-- Японияда массалык түрдө ар бир япон үйүндө кайнак сууну (жылуудан ысыгыраак, бирок ысык эмес) көп ичип, вирустан сактанышыптыр. Муну да кыргыз эли колдонсок болот. Эми психологиялык тарабына көңүл бурсак. Баардык эле окумуштуулар, байыркы окумуштуулар деле, илгери адам баласы кандай гана ооруга чалдыкпасын же жугуштуу оору каптабасын, биринчи кезекте дүрбөлөңгө алдырбоо керектигин катуу эскертишкен. Бул тууралуу жүздөгөн мисалды келтирер элем, бирок убакыт чектелүү эмеспи. 

Өзүмдүн дарыгерчиликтеги тажрыйбамдагы бир мисал: 2007-жылы 55 жаштарга жакындап калган эже бели ооруп мага дарыланганы келди. Анын бир көзүнөн жаш чыга бергенин байкадым. “Мындан үч жыл мурда бир үйгө конокко барып, бир кемпирдин көзүнөн жаш ага бергенин көрүп, өтө жийиркенип койдум эле, “эмне мынча жийиркеничтүү, жакшылап карабайбы өзүн” деп. Анан эртең менен турсам бир көзүмөн жаш агып калыптыр. Мына ошондон бери көзүмөн жаш ага берет, канча врачтарга көрсөттүм, дарыландым эч жыйынтык болбоду” деп айтып калды. Байкадыңыздарбы? Көз ирмемде эле ал эженин өзүнүн көзүнөн жаш агып калыптыр. 10 күндүк профилактикада омурткаларын түздөп, тай цзи көнүгүүлөрүн жасатып, эжеге психотренинг өтүп, көзүндөгү жашын токтотуп берүүгө жардам кылдым. Бул так, даана психологиялык себептерден келген оору болчу. Ошондуктан, “коронавирус” деп жийиркене берсек, болбойт. Башында кыргыздар да анча-мынча кытайлардан жийиркенип жатышты эле, мына, кыргыздарга да бул илдет келиптир. 

Эми колдон келишинче дүрбөлөңдөн алыс болуп, коркпой, жийиркенбей, өзүбүзгө ишенимдүү, эрктүү болуп, алтургай күлкү, жылмаюу тартуулап, бири-бирибизге анекдот айтышып, кайгылуу кинофильмге караганда комедиялуу фильмдерди, бир сөз менен айтканда, жогорку позитивдүүлүктү колдонолу, бриллиант Кыргызым! 

-- Тай цзинин же башка спорттук көнүгүүлөрдүн иммунитетти көтөрүүгө кандай таасири бар?

-- Мындан үч күн мурда премьер-министрдин айтканын телевизордон көрдүм эле, Кытай мамлекети да бул негативдүү вирусту жеңгенге жардамын көрсөтүүгө даяр экен. Буюрса сабыр кылып турсак, таажы уусу мамлекетибизден тазаланып чыгат. Бир япон даанышманы “оозду эки учурда ачыш керек – тамак жегенде жана өтө маанилүү маселени айтуу үчүн” деген. Уйкудан ойгонуп, уйкуга баргыча колдон келишинче кыргыздар бири-бирибизге оң, жакшы гана сөздөрдү тартуулап турсак, тезирээк коронавирустан арылат элек.

Тай цзи, цигун, йога көнүгүүлөрүн вотсапка, Фейсбукка, Инстаграмга бат-бат чыгарып тургула демекчимин. Илимий далилденген цигун же тай цзи менен машыккан адамдын ичиндеги ар кандай вирустар өлүп, иммунитет күчтөнөт. Керек болсо Кытай президенти Си Цзиньпин да цигун менен машыгаары белгилүү.


Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg
 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер