Булар кедейликти чакырган буюмдар, дароо ыргытыңыз!


Сизди курчап турган буюмдарды карап, керексизин тазалап турбасаңыз, байлык сизден качат. Алгач өз үйүңүздөн баштаңыз. Чындап эле бул нерселер адамдын бай болушуна бөгөт коёт.
Майда-чүйдө керексиз буюмдар
Үйдүн ар кайсы бурчунда жаткан кереги жок кагаздар, кино, концерттин билеттери, дүкөндөн алынган чектер. Буларды сумка жана капчыктардан да тез жоготуңуз.
Түгөйсүз буюмдар
Бир түгөйү жок байпак, бут кийим, иши кылса түгөйсүз буюмдардын баарынан арылыңыз.
Сынык идиш
Идиш-аяктар кандай баалуу болбосун же эстелик болуп калган күндө да андан жарака, сынык кетсе дароо ыргытыш керек. Сиз бүтүн, эң жакшы идишке татыктуусуз.
Эски кийим
Көп жыл болуп кийилбей калган кийимдерди чогултпаңыз. Топчусу жок, айрылган киймдерден арылыңыз. Эскини жоготсоңуз жаңысы келет.
Сынык, иштебеген саат
Сынып, бузулган сааттарды үйгө сактабаңыз. Кол саатпы же дубалга илингенби, айтор, токтоп калган сааттар жакшылык алып келбейт.
"Азия Ньюс" гезити











