Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайсы айда төрөлгөн эркектер кандай мүнөздө?

Кайсы айда төрөлгөн эркектер кандай мүнөздө?

30-ноябрь, 19:00
4 070 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Январдын эркеги

Бул эркектер өтө шашма жана тартынбаган адамдар болушат, бирок калп айтканды билбейт, аны баалаш керек. Январдын эркектеринде аларды каалаган максатка жеткирчү лидерлик сапат бар.  

Февралдын эркеги

Кызыктуусу, февралдын эркеги бир убакта эле күчтүү жана жумшак көңүл мүнөздүү болушат, анан дагы келечек тууралуу дайым ойлонушат. Ошентип маанилүү чечимдерди бат жана туура кабыл алгандыктан, бул анын күчтүү сапаты болуп саналат. Эсиңерде болсун, ал үчүн үй-бүлө ыйык нерсе, ошондуктан анын чынчылдыгынан эч качан камсанабаңыз.

Марттын эркеги

Марттын эркеги ар кандай авантюраларга катышканды жактырбайт жана эгер өзүнүн чын экенине ишенсе, эч качан бирөө менен макул болбойт. Ал катуу тартипти сактайт, ошондуктан айланасындагы адамдарды дагы ошондой болуусун талап кылат.  

Апрелдин эркеги

Перфекционисттер – баардык нерседен идеалга жетүүнү максат кылышат. Өзүнүн экинчи жарымына абдан назик жана жумшак көңүл бөлөт, бирок керектүү кезде катуу дагы болуп коё алат. 

Майдын эркеги

Майда төрөлгөн эркектер баардык нерсени дайыма өзү каалагандай кылат, ошондой эле өз күчүн эсептей билишпейт. Ошондуктан алардын ишке ашпай калган нерселери арбын болот.  

Июндун эркеги

Июндун эркектери коомдун көз карашына башын оорутпайт, себеби алар өзүнүн кыйындыгына жүз пайыз ишенишет, бирок анткендин себеби бар. Айымдарды өзүнүн акылы жана сүйкүмдүүлүгү менен тартышат. Төшөктө да кыйын болушат...

Июлдун эркеги

Бул айда төрөлгөн эркектер абдан жайбаракат жана сабырдуу болушат, ниети таза эмес адамды жанына жолотушпайт, бирок ишенчээктигинин айынан көп жабыркашат. Жакындарынан ага кээ бир убакта жетишпей турган коргоо менен коопсуздукту издешет.

Августтун эркеги

Бул эркектер ишенимдүү адам жана мыкты ата болушат. Адамдарга жардам бергенди жактырышат, себеби ал ага рахат алып келет. Элдерди эң жакшы башкара билген мыкты жетекчи болушат. 

Сентябрдын эркеги

Сентябрдын эркектери көңүл чордонунда болуусу үчүн достору менен кесиптештеринин назарына муктаж болушат. Алардан жакшы башкарма чыгышы мүмкүн, себеби, оңой эмес кырдаалдарда дипломаттык талантын көрсөтүшөт. Бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөндү жактырышат.

Октябрдын эркеги

Октябрдын эркегинде логика менен интуиция жакшы өнүккөн, бул эркектер өз керт башына тийешеси жок жоруктарды кылганга жакын, бирок андан өзүнө пайда чыгара алышат.  

Ноябрдын эркеги

Ойчул жана олуттуу, салабаттуулукту баалайт жана ар ким менен тил табыша алат. Мамилечил, бирок жалгыздыкта болгусу келген көз ирмемдер да болот. Эгер ушул эркекти тандасаңыз, анда билишиңиз керек – ал олуттуу мамилеге муктаж.

Декабрдын эркеги

Бул айда төрөлгөн эркек эмгекчил жана дымактуу болот, жашоодо өзгөрүүлөрдү жакшы көрөт, себеби бир түрдүүлүктөн бат тажайт. Мамиледе өтө эле консервативдүү, анын аялы жумушта иштебеши керек, себеби, ал өзү үй-бүлөсүн жалгыз камсыздай алат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер