105 жаштагы япон дарыгеринин алтын кеңештери


“Япониянын азаркы заманбап медицинасынын негиздөөчүсү жана Японияны көп жашагандардын өлкөсүнө айланткандардын бири Шигеаки Хинохара дайым өзүнүн сунуштарын жактап келген” деп жазат “Business Insider”.
Хинохара Ыйык Луки эл аралык университетинин ардактуу төрагасы жана Ыйык Луки ооруканасынын ардактуу президенти болуп турган кезде, кантип узак жана ден соолукта жашоонун бир нече кеңешин калтырып кеткен. Башкы кеңештеринин бири: пенсияга чыкпагыла. Чыккан күндө дагы, 65 жаштан кийин чыккыла.
Ал түшүндүргөндөй, Японияда пенсиялык курак 65 жаштан башталат, ал орто жаш 68 болгон күндө дагы иштеген. Азыр Японияда элдер көбүрөөк жашашат (2015-жылда орточо курак 84 жашты түзгөн), ошондуктан пенсияга колдон келишинче кеч чыгышат.
Хинохара өмүрүнүн аягына чейин Токиодо бейтаптарды кабыл алып, дарылап келди. Ал быйыл 18-июлда, 105 жашында көз жумду.
Хинохаранын улантуучусу, журналист Джудит Кавагучи “ал “жашоодогу эң ыйык милдет – баарына салым кошуу” деп айтчу. Анын муктаж адамдарга жардам берүүгө кылган укмуштай аракеттери таңкалтырат. Эрте туруп, күнү бою пайдалуу нерселерди кылган. Так ушулар аны алдыга түртүп турган. Максаттары бүгүнкүгө, эртеңкиге жана 5 жыл алдыга жазылган” деп жазган.
Хинохаранын башка кеңештери:
Туура тамактануу, уйку тууралуу азыраак ойлонуп, көңүл ачкыла
“Баарыбыздын эле эсибизде, бала чакта кызык оюнга кирип кеткенде, тамакты такыр эле унутуп калчубуз. Менин оюмча, бойго жеткенде дагы ошондой мамиле кылыш керек, дайыны жок эрежелер менен денени чарчатпагыла”.
Узак жашагың келсе, ашыкча салмактан арыл
“Эртең менен мен кофе, бир стакан сүт менен апельсин ширесине бир аш кашык зайтун (оливка) майын кошуп ичем. Зайтун майы артерияларга пайдалуу жана терини таза кылат. Түшкү тамакка печенье менен сүт, колум бошобосо түштөнбөй деле коём. Мен жумушта эч качан ачкалыкты сезбейм, себеби, оюмдун баары жумушта. Кечки тамакка жашылчалар, бир аз балык жана күрүч, жумасына эки жолу 100 грамм майсыз эт”.
Врачтын айтканынын баарын эле кыла бербе
“Эгер дарыгер “анализ тапшыр” же “операцияга жат” десе, андан сура, так ушул процедураларды өзүнүн аялына же баласына сунуштайт беле? Дарыгер баарын эле айыктыра албайт. Анан эмнеге адамды ашыкча операция менен кыйнаш керек?”
Дайыма тепкич менен көтөрүл жана оокаттарыңды өзүң көтөрүп чык
“Мен буттун булчуңдарын иштетиш үчүн дайым эки тепкичти бир аттайм”.
"Азия Ньюс" гезити











