Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектердин көпчүлүгү кырктан ашканда чыныгы сүйүүгө кабылышабы?

Эркектердин көпчүлүгү кырктан ашканда чыныгы сүйүүгө кабылышабы?

07-февраль, 13:25
1 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркектер аялдарга караганда тез арада тынбай ашык болушат экен. Аялдар көзү түшкөн эркек менен келечектеги карым-катнашын элестетип болгончо, эркектердин жүрөгү жараланып үлгүрөт. Ойноктогон көз, жакшынакай бут, сулуу мүчө эркектин назарын эрксиз өзүнө оодара түшөт да, ойлонууга убакыт бербейт... Эркектер аялдарга караганда кеминде сегиз жыл аз өмүр сүрүшөт жана ден соолугуна көңүл бөлгөндү жактырышпайт. 

Эркектердин көпчүлүгүнүн оюнча ден соолугуна арызданып, дарыгерлер алдына жүгүрө берүү -- эркекке ылайык иш эмес. Эркекти оорунун түрү же өзүн күтүнүүнүн жолдору тууралуу эч кандай да аңгеме менен кызыктыра албайсыз, андан көрө ситуацияга карай айтылган чытырмандуу окуялар алда канча кызык. Эркектердин териси калың. Ошондуктан аларда тырышуу аз болот. Эркекти өзү менен тең жаштагы аял менен салыштырганда, жаш көрүнөт экен, бирок ал сырткы көркү гана. Ал жаш көрүнгөн эркектин күчү төмөн болуу мүмкүн.   

Эркектер 50 жашында да ойго келбеген иштерди жасашы мүмкүн. Небереси менен топ тээп, тай минип ойноосу да калыптуу. Басымдуу эркектер кырктан ашканда боз бала сыяктуу ашык болушат экен... Негизи чыныгы сүйүүгө кырктан ашканда кабылышып, жашыруун үй-бүлө күткөндөр реалдуу турмушта арбын...

Эң кызыгы, аялдарга караганда
 эркектер өмүрлүк шеригине көбүрөөк көңүлдөрү толбойт экен. Айтпаса да, түшүнүктүү. Аялдар коому акылга салса, кимге күйөөгө чыга турганын, болжоп, ичтен дайын болушат экен. А эркектер сезим менен сулуулуктун торунан чыга албай, өзүн жакшы көрүп, аяп, эркелетип жүргөнү жеткиликтүү эмес го? Жыл өткөн сайын аялын жаңы көргөндөй таңыркай беришет имиш... Үй-бүлө курган баардык эркектер чыдамсыздана мураскерин күтүшөт...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер