Күзгү депрессия барбы же бул жөн эле жомокпу?
Көпчүлүк күзгү блюздун абалы менен тааныш. Көңүлсүз жана эч нерсени каалабай, жөн эле уктап жата берүүнү каалоо. Мындай учурда өзүбүзгө кандай жардам бере алабыз? Күзгү депрессия барбы же бул жөн эле жомокпу?
SUPER.KG порталы психолог Сүйүн Калчаевден бул суроолорго жооп алган.
-- Күзгү депрессия деген эмне?
-- Сентябрь-октябрь айларында адамдардын көпчүлүгү күзгү депрессияга кабылышат. Бул абал эч бир оору менен деле байланышпайт, ошондой эле коркунучу да жок, бирок жагымсыз жагдайларды алып келет. Күзгү депрессияда адамдын активдүү кыймыл-аракети жоголуп, жалкоолук, тынчсыздануу пайда болот. Ошондой эле маанай бат-баттан өзгөрүлүп турат. Мунун себеби, күз айларында күн кыскарганына байланыштуу адамдын организминде сератонин жана мелатонин аттуу гормондордун бөлүнүшү төмөндөп калат.
Аба ырайы бара-бара сууктап, күн бүркөлүп, жаан жаап, сырттагы жаратылыш акырындык менен күңүрт түстөргө боёло баштайт. Ушул факторлордун баары адамдын ички дүйнөсүнө билинбей таасир берип, адамдарды кыжалат кылган күзгү депрессиянын симптомдору пайда болот.
-- Депрессияга кабылып калганыңды кантип билсе болот?
-- Бул абалдын симптомдорун таануу өтө оңой. Бул жерде алардын айрымдары:
- кайдыгер маанай;
- чарчоо бара-бара өнөкөткө айланат (көйгөйдү чечпей, алсыздык абалы уктагандан кийин да сакталат);
- зеригүү;
- уйкуга байланыштуу көйгөйлөр (анын ичинде түн ичинде тез-тез ойгонуу);
- алсыз болуу;
- катуу баш оору;
- тамакка болгон табиттин жоктугу;
- булчуңдардын кармалышы жана бүт денедеги себепсиз оору;
- ашказан менен ичегинин иштешинин бузулушу;
- капысынан эле ачуулануу жана кыжырдануу (курч мүнөздө).