Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Инфляцияны жеңүү үчүн өзүбүздүн өндүрүштү көтөрүү зарыл”

Дастан Бекешов: “Инфляцияны жеңүү үчүн өзүбүздүн өндүрүштү көтөрүү зарыл”

02-сентябрь, 20:20
1 999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда инфляция жүрүп жатат. Сомдун куну учту. Бирок маяналар баягы эле бойдон. Айрыкча көп балалуу үй-бүлөлөр каржалып баратат. Бул абал өлкөбүздө улана береби?

-- Инфляция болуп жатканын, сомдун куну кеткенин танбайм. Бул абалга байланыштуу өкмөт дагы колунан келген аракетин көрүп жатат. “Жөлөк пулдарды, пенсияны көтөрөбүз. 2022-жылдарга дагы социалдык тармактарда иштеген кызматкерлердин айлыктарын көбөйтөбүз” деген ж.б. пландары арбын. Мунун баары ишке ашса, өтө жакшы болот. Инфляцияны жеңүү үчүн өзүбүздүн өндүрүштү көтөрүү зарыл. Дайым эле чет өлкөдөн товарларды алып келе берсек, инфляция күч ала берет.

-- Өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, жолдорун жеңилдетүүгө мыйзамдар каралдыбы?

-- Өндүрүш боюнча салык реформасы каралып, социалдык ставкаларда өзгөрүүлөр болуп калса, өндүрүш башталат. Биз экономиканы өнүктүрүүдө бир нерсени унутпашыбыз керек: сот көз карандысыз болушу шарт. Сот андай болбосо эч ким ишенбейт. Экономика көтөрүлбөйт. Мыйзамсыздык өкүм сүрүп турса, эч бир инвестор да келбейт. Биздин эле бай адамдар соода менен алек болуу үчүн өндүрүшкө акча салбайт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер