Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир айдын ичинде кантип сулуу болсо болот?

Бир айдын ичинде кантип сулуу болсо болот?

11-июль, 21:25
4 031 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жылдын кайсы убагы болбосун, организмибиз, чачыбыз, терибиз, тырмагыбыз – баары жакшылап кам көрүүгө муктаж болуп турат. Төмөнкү кеңештерди окуп, жашоодо колдоно жүрүңүз.

***

Эртең менен ачкарын 1 аш кашык зыгырдын уругун жеп жүрүңүз. Жакшылап чайнап, жылуу суу менен жутуп коюңуз. Жарым сааттан кийин тамактана берсеңиз болот. “Бул кандай эффект берет?” десеңиз, организмди өтө жакшы тазалайт. Териңиз тегиз болот жана жаңырат. Анан да кичине арыктатат. Зыгырдын уругу чачты жана тырмакты бекемдейт. Бирок эсиңизде болсун, организмиңизде таш болсо, зыгырдын уругун жегенге болбойт.

***

Күнүгө тамакка бышкан кызылчаны колдонуу керек. Эртең менен болобу, же кечки тамакка болобу, сизге кандай ыңгайлуу болсо. Кызылча – канды тазалоочу уникалдуу азык. Ал эми кандын тазалыгы – жакшынакай келбеттин көрсөткүчү. Бул ыкма териге жана ички органдарга да жакшы таасирин тийгизет.

***

Күнүгө жатаардын алдында бетиңизге глицерин менен Е витамининин кошулмасын сүйкөп жүрүңүз. Аны даярдоо өтө оңой: 30 грамм глицеринге 10 капсула витамин Е-ни алабыз. Капсуланы ийне менен тешип, идишке майын сыгып алып, экөөнү аралаштырабыз. Мунун баарын дарыканадан арзан эле алса болот. Бетке коёрдун алдында бетти тазалап, жумшак щетка менен кичине кызартып укалап алабыз. Ушундай кезде беттин териси пайдалуу заттарды жакшы сиңирип алат. Бир гана жери – глицерин бетке сиңип кеткиче тери кичине жабышчак болот. Күнүгө эртең менен териңиздин өзгөргөнүн көрөсүз. Бырыштар жазылып, теринин өңү тегизделет. Көздүн тегерегиндеги бырыштарга абдан жакшы жардам берет.

***

Күнүнө 50 грамм жаңгак жеп туруңуз. Ар кандай сиз жакшы көргөн түрлөрүн. Чачыңыз менен тырмагыңыз эки жумадан кийин сизге рахматын айтат.

***

Денебиздин терисине кам көрөбүз. 1 стакан деңиз тузун алабыз (жөнөкөй йоддолгон туз деле болот), ага 1 стакан коюу каймакты кошобуз. Жуунуп бүткөн соң, колкап жышыгыч менен денебиздин баарын, моюнду жасалган кошулма менен укалап сүйкөйбүз, андан соң жылуу суу менен жуунабыз. Эринбей ар бир жуунган сайын сүйкөө керек. Кошулманы муздаткычта кармоого болот. Туз денедеги чор болгон бөлүкчөлөрдү түшүрөт, тазалайт. Ал эми каймак болсо тузду жумшартып, терини тытып кетпешине көмөктөшөт жана клеткаларды азыктандырат. Дайыма колдонуп жүрүү жакшы жыйынтыктарды берет.

***

Чачыңызды чайкаганга өзгөчө сууну даярдап алыңыз. Сууга жөн гана бир нече тамчы ментолдун майын кошуп коёсуз (1 литрге 5 тамчы), дайыма башыңызды жууган соң чайкап туруңуз. Башыңыздын терисин жеңилдетет жана жаңылайт. Бул ыкма баш оорудан да арылтат. Чачтын өтө майлануусуна да жакшы жардам берет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер