Шайлообек Атазов, саясатчы: “Көлбаевге кезекке туруп, жолугуп чыккан Зулушевди эмне дейбиз?”
-- Шайлообек мырза, чын эле азыркы депутаттар чоң кысымга туш болуп жатабы? Депутаттардын мандатын алуу адатка айландыбы?
-- Өзүңүздөр күбө болуп турасыздар го, акыркы бир жылда Жогорку Кеңеште мандатын тапшыргандардын саны 20га жетип калды. Бул жакшы жышаан эмес...
-- Башка депутаттардан айырмаланып, мандатыңызды алганда өз чындыгыңызды парламенттин трибунасынан айттыңыз. Андан чыгып алып кайда кеттиңиз?
-- Парламент трибунасынан чыркыраган чындыкты сүйлөөгө мажбур кылышты. Эки жүздүү саясат болгонуна чыдап тура алган жокмун. Өз чындыгымды айттым. Андан кийин Меккеге учуп кеттим. Себеби, алдын ала Умра сапарына келүүнү пландаган элем. Орозо айында жеке руханий дүйнөмө көңүл буруу зарыл эле. Жогорку Кеңешке да эки апта эс алуу берилди.
-- Сиздин видео кайрылууну коомчулук кандай кабыл алды?
-- Видео кайрылуум көптөгөн көшөгө артында тымпыйып отурган “сүмбүлдөргө”, саясатты ылайлап, мамлекеттин бюджетин уурдап жаткан адамдарга жакпай калды. Эки күндөн бери бакма боттору, арам айлык алган армиясы менен каралашып, комментарий жаздырып жатышат. Таңгалганым, ошол нерседен рахат алышып, көрпенделикке батышып, убактыларын өткөрүшүүдө. Андан көрө элдин социалдык абалын карашса болмок. Тегерегине ууру министрдин балдарын, мурунку жегич мэр, коррупционер экс-депутаттарды топтоп алышып, өздөрүн мартабалуу элестетип алышты. Алар бийлик кыйшайса, артынан бычак уруп качып кетерин деле билишет, бирок аргасыз. Себеби, күн сайын "ляппай мырзам!" деп конверттерин сунушуп, “джип” машинелердин ачкычын берип турушат. Алар өздөрүн ушуну менен кадыр-барк тапкандай баалашат. Чыныгы кадыр-барк, өлүм келип, Жараткандын алдына барганда болорун унутпашыбыз керек...
-- Бирок, бийликтегилер коррупционер, криминалдар менен коюн-колтук алышып, табакташ болгондордон арылуу аракеттерин айтып жатышат го?
-- Кимдин криминалдык чөйрөгө, коррупцияга байланышы бар экенин коом жакшы билет. Мамлекеттин саясаты тандалма болбошу шарт. Мисалы, “Матраимовго байланышы бар депутаттарды Жогорку Кеңештен тазалайм” деп айткандан кийин төрага Шакиевден башташ керек болчу. Шакиев иш жүзүндө Матраимовдон канча сумма алып, Аксыга шайлоого барганын, “Нью ТВ” деген телевидение ачып, бүт техникаларын алдырганын элдин баары айтып жүрөт. Анан Шакиевден сырткары парламентте жоон топ бар го, ошолорду кошо тазалаганда гана “Матраимов менен байланышы барларды парламенттен кетирдик” десе, эл ишенет. Беш депутатты коркутуп, мандатын алып коюп эле “Матраимов менен байланышы барларды кетирдик” дегендерине эл ишенбейт. Ошон үчүн “эх, эки жүздүү алдамчылар, бизди алдап, алаксытып жатасыңар!” деп жазып жатышпайбы... Чынында Шакиев отурганда “Матраимовду тазаладык” деп айтуу эки жүздүүлүк болуп калат. Деги “Матраимов кайсы беренелер менен айыпталып жатканы боюнча сот чечими барбы, же бул элди алаксытуу саясатыбы?” деген да маселе бар.
Ал эми криминал менен байланышы барлар бийликтин башында отурушат. Мисалы, ресторанда той болуп жатса, экинчи кабатында Камчы Көлбаевге кезекке туруп, жолугуп чыккан башкы прокурор Зулушевди эмне дейбиз? Саясатта ишенимдүү кадамдар болсо, эл сүйүнөт эле да. Биздин өлкөдө негизги интриганы уюштуруп, саясатты ылайлап, таза депутаттарды тегирменге салып берген да ушу Зулушев менен Шакиев... Бул эки чоң “кит” тегерегине бүт мурун өлкөбүздү тоногон ууруларды топтоп алышып, президентти да, Ташиевди да алдап жатышат. Башкача айтканда, президент менен Ташиевди чыныгы коррупционерлер муунтуп бара жатат...
Ал эми Акылбек Жапаров жөнүндө болсо өзүнчө баян бар... Ал канчалык көп убакыт бийликте турса, ошончолук президентке, өлкөгө зыяны тийе берет...
-- Ош, Кара-Суу, Баткенде өткөн шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй эле болдубу? Таза адамдар алдыга суурулуп чыктыбы, же акчалуулар, таанышы чоңдор озуп кеттиби?
-- Ош, Кара-Суу, Баткендеги шайлоо жыйынтыгы боюнча айтсам, Баткенде таза шайлоо болду. Ош, Кара-Сууну бийлик аралашып, булгап салды. Элге тандоого мүнкүнчүлүк беришкен жок. “Оштун саясатын бүт мен жүргүзөм” деген Зулушев бул сапар да мурдун тыкты. Жакшы иштеп жаткан Ош шаарынын депутаты Айбек Осмоновдун мандатын тапшыртышты. Шайлоо өткөрүү үчүн өлкө бюджетине миллиондоп чыгым кылышты. Кара-Суудагы шайлоого Зулушев айыл өкмөттөрү, прокурорлор менен кийлигишип, өз талапкерин өткөргөнүн эл айтып, Осмон Бий деген кайрылуу жазды...
-- Сизге белек болгон спорт зал неге жабылып калды?
-- Өнөрүмдү жаштарга үйрөтүү максатында мен иштеп жаткан спорт залды жаап салышты. Учурда спортчулар ар жакка таркап, машыгуулары токтоду...