Жөө басуу стрессти азайтып, ден соолукту калыбына келтирет

Жөө басуу – бул эң жөнөкөй, бирок эң таасирдүү дары. Рецептсиз. Терс таасирсиз. Ар кимге жеткиликтүү.
Саламаттык дегенде көбү дароо эле дарыларды, анализдерди, витаминдерди элестетет. Бирок эң табигый дарылоо жолу – кыймыл, басуу. Адамдар ден соолугун жакшыртууну сырттан издеп, эң жөнөкөй нерсени – жөө басууну унутуп коюшат.
Күндүз 6000-10000 кадам жөө басуу стрессти азайтат (кортизол деңгээлин төмөндөтөт), уйкуну жакшыртат, мээнин иштешин активдештирет (эстутум, көңүл буруу жакшырат). Жүрөк кан тамыр ооруларынын тобокелдигин азайтат, кант деңгээлин теңдештирет, маанайды көтөрөт (эндорфин бөлүнөт).
Эң негизгиси, жөө басуу – өзүңө кайтып келүүнүн жолу. Тынчыраак. Телефонсуз. Жөн гана дем алып, ойлонуп басуу. Идеялар келет. Ар дайым жогорку темпте жашоонун кереги жок. Кээде ден соолукка эң пайдалуу кадам сыртка чыгуудан башталат...
"Азия Ньюс" гезити