Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Аалымдар кеңешинин мүчөсү жооп берет

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Аалымдар кеңешинин мүчөсү жооп берет

08-май, 21:09
954 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү, бүгүн белгиленет. Кадыр түн даана кайсы түндө катылганы бир гана Кудайга маалым болгондуктан, биз аны болжолдуу катары кабыл алып, кадыр түн орозо айынын акыркы он түнүнүн биринен издейбиз. Бул ыйык түндү кантип өткөрүүбүз керек? Эмнелерди кылууга болбойт? Бул тууралуу SUPER.KG порталына аалымдар кеңешинин мүчөсү, ислам университетинин окутуучусу Марс Ибраев айтып берген.

Кадыр түн - ислам дининдеги эң ыйык түндөрдүн бири. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү орозо айынынын акыркы он күнүнүн так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Быйылкы кадыр түндү 9-майга караган түнүнө өлчөп тосууга аракет кылганы жатабыз. Жараткан куранда айтат "Акыйкатта, биз аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн - миң айдан да артыгыраак. (Ал түндө.) Кудай буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшөт. Ал таң атканча тынчтык-амандык тилейт".

Жараткан бизден мурдагы муундарга узун өмүр берген экен. Алардын ошончо узак убакытта ээ болгон соопторун көрүп, өзүнүн үммөтүнүн жашоосу дагы, тапкан соопторунун да аз болорун байкаган пайгамбарыбызга Кудай миң айдан дагы баалуу болгон кадыр түндү тартуулаган. Бул түндө 84 жылдык өмүрдө тынбай кылган соопту бир түндө табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул түндүн ыйыктыгынын дагы бир себеби бул түндө ыйык курани карим китеби түшүп баштаган. Бул түн эмне үчүн пайгамбарыбыздын үммөтүнө гана тартууланган деген суроо пайда болушу мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) өзгөчө мартабага ээ, акыркы пайгамбар.

Бул түндө эгер эки рекет намаз окусаңыз 84 жыл токтобой эки рекет намаз окугандай соопко ээ болосуз. Бул түндө садака берип койсоңуз 84 жыл бою садака бергендей соопко ээ болосуз. Айше энебиз пайгамбарыбыздан Кадыр түндө эмне кылайын деп сураган учурда ушул түнгө байланыштуу дубаны көп-көп оку деген. Ал кайсы дуба дегенде төмөнкү дубаны айтып: "Э Кудай! Чындыгында, сен Кечиримдүүсүң, улуулуктун ээсисиң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Мени кечир!" деген дубаны көп айткыла деген.

Пайгамбарыбыздын дагы мындай деп айтканы бар: "Кимде-ким Кадыр түндүн касиетине ишенип, кайтарымын Жараткандан күтүп, Кадыр түндү жакшы өткөргөн кишинин өтмүштөгү күнөөлөрүнүн баары кечирилет", - деген экен. Ошондуктан ушул күндү эки рекеттен баштап колдон келишинче намаз окуу менен китеп окуу менен өткөрүү керек.

 Ушак айтып отуруп алуу же ар кандай отуруштарга айлантып жиберүү бул Кадыр түн эмес. Бул түндө мүмкүн болушунча оюн-зоок, ар кандай күнөө, каталыктардан алыс болуп, кечиримдүү болуп, бири-бирибизге, мекенге дуба кылып, чарчаса кичине уктап эс алып, кайра ибадаттарын улантса болот. А эгерде күнөө кылуудан алыс болбосо, 84 жыл ошол күнөөнү кылгандай күнөө жазылып калышы мүмкүн.

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер